Биз менен байланышыңыз

Эркин күрөш боюнча Дүйнө Кубогуна катыша турган кыргызстандык балбандар (тизме)

Кыска кабар , Спорт | 1 Дек 2020 | 886 | 0

12-18-декабрь күндөрү Сербиянын борбору Белград шаарында эркин күрөш боюнча Дүйнө Кубогу өтөт.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги маалымдагандай, аталган мелдешке Кыргызстандын атынан төмөндөгү спортчулар катыша турган болду:

Бекболот Мырзаназар уулу (57 кг)

Улукбек Жолдошбеков (61 кг)

Эрназар Акматалиев (65 кг)

Ислам Орозбеков (70 кг)

Саякбай Усупов (74 кг)

Арсалан Будажапов (79 кг)

Сүймөнкул Таабалды уулу, башкы машыктыруучу

Руслан Мажинов, улук машыктыруучу

Дүйнөлүк мелдешке даярдануу үчүн эркин күрөш боюнча улуттук кураманын мүчөлөрү 22-ноябрдан 13-декабрга чейин Бишкек шаарындагы «Изабек» спорт комплексинде машыгуу өткөрөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM