Биз менен байланышыңыз

Мирлан Мурзаев футбол академиясын ачты

Кыска кабар , Спорт | 1 Дек 2020 | 946 | 0

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жана «Дордой» клубунун чабуулчусу, белгилүү футболчу Мирлан Мурзаев футбол академиясын ачты. Бул тууралуу «Маралга» футболчу өзү кабарлады.

«Академияны ачууну көптөн бери эле пландап жүргөм. Себеби ушул маселе боюнча көп адам сунуштаган. Эми академия аркылуу спортчу балдарды тарбиялап, кыргыз футболун дүйнөлүк деңгээлде өнүктүүрүгө багыттоону максат кылып жатам», — деди Мурзаев.

Белгилей кетсек, бул — кыргыз футболчусунун атынан ачылып жаткан алгачкы академия.

Маалымат катары айта кетсек, Мирлан Мурзаев футбол боюнча спорттук карьерасын 2005-жылы баштаган. Андан бери «Дордой» (2006-2009), «Мурас-Спорт» (2006), «Локомотив» (Москва, 2010), «Хапоэль» (Петах-Тиква, 2011), «Денизлиспор» (Түркия, 2014), «Дордой» (2012-2015), «Авжет Афианспор» (Түркия, 2015-2016), «Ушакспор» (Түркия, 2016-2017), «Серикспор» (Түркия, 2018), «Дордой» (2019-жылдан тартып) клубдарында жана Кыргызстандын улуттук курама командасында ойноп келет.

Кыргызстандын 2007-2008-2009-2012-2014-жылдардагы чемпиону , Кыргыз Республикасынын Кубогунун 2008-2012-2014-жылдардагы жеңүүчүсү, Азия футбол конфедерациясынын Кубогунун 2007-жылдагы (АФК-2007) жеңүүчүсү, 2008-жылдагы Кыргызстандын мыкты оюнчусу, 2009-2010-жылдардагы мыкты чабуулчусу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM