Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын төрт спортчусу 11 медалга ээ болду

Кыска кабар , Спорт | 30 Ноя 2020 | 349 | 0

Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасы Өзбекстандын ачык кубогу лицензиялык турниринен 11 медалга ээ болушту. Бул туурасында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.

Турнирге дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн келген 300 спортчу катышты. Кыргызстандан барган алты спортчунун төртөө үч алтын, беш күмүш, үч коло медалга ээ болду.

Кыргызстандык спортчулардын көрсөткөн жыйынтыгы:

Денис Петрашов

Брасс түрүндө 50 метр — алтын медаль;

Брасс түрүндө 100 метр — алтын медаль;

Брасс түрүндө 200 метр — коло медаль;

Елизавета Рогожникова

Чалкасынан сүзүү 200 метр — алтын медаль;

Чалкасынан сүзүү 100 м — күмүш медаль;

Чалкасынан сүзүү 50 метр — күмүш медаль, Кыргызстандын рекорду;

Комплекстүү сүзүү 200 метр — күмүш медаль.

Рамазан Омаров

Эркин стиль 1500 метр — күмүш медаль;

Эркин стиль 800 метр — күмүш медаль, Кыргызстандын рекорду.

Тенгиз Тюбеев

Эркин стиль 1500 метр — коло медаль.

Белгилей кетсек, турнир 24-ноябрдан 29-ноябрга чейин Ташкент шаарында өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM