Биз менен байланышыңыз

Бокс легендалары тең чыгышты (видео)

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 29 Ноя 2020 | 1396 | 0

Бүгүн, 29-ноябрда АКШнын Калифорния штатындагы Карсон шаарында бокс тарыхында мыкты америкалык мушкерлер Майк Тайсон менен Рой Жонс беттешип, экөө тең чыгышты.

Ар бир бөлүгү эки мүнөттөн турган беттеш сегиз раундга чейин созулду. Мушкерлер рингге шлем кийишкен эмес, 12 унций салмактагы машыгууда кийилүүчү мээлей менен беттешишкен.

Эки боксчу тең жыйынтыкка макул болбой, жеңгенин бир ооздон айтып, рингдеги артыкчылыктарын санашты.

Коментаторлор эң негизгиси кармашта эч ким катуу жабыркап, өмүрүнө жана ден соолугуна зыян тийгизбегенин билдиришти. Ошондой эле көз кандырган беттеши үчүн ыраазычылык айтышты.

Кайрымдуулук беттеш буга чейин 12-сентябрда Калифорнияда болору айтылып, Тайсондун командасынын спорттук иш-чарадан түшүүчү кирешени арттыруу максатында айткан өтүнүчү менен уюштуруучулар аны кийинкиге жылдырышкан.

54 жаштагы Майк Тайсон өзүнүн акыркы беттешин 2005-жылы өткөргөн. Анда ал ирландиялык мушкер Кевин Макбрайдга жеңилип калган. Ал карьерасында жалпы 58 беттеш өткөрүп, анын 50сүндө жеңүүчү аталган.

Ал эми 51 жаштагы Рой Жонс акыркы беттешин 2018-жылы Скотт Сигмонго каршы өткөрүп, калыстардын чечими менен жеңүүчү аталган. Жалпы карьерасында ал 77 беттеш өткөрүп, анын 66сында жеңүүчү аталган.

Эске салсак, таймаштагы эсепти Дүйнөлүк Бокс Кеңешинин (WBC) өкүлдөрү жүргүздү. Беттештен Майк Тайсон 10 миллион доллар гонорар алат, ал эми кенже Рой Жонс үч миллион доллардын тегерегинде пайда табары айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM