Биз менен байланышыңыз

«Кара жуманын» кесепетинен Америкада бир адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Ноя 2020 | 846 | 0

Калифорнияда «Кара жума» деп аталган ири арзандатуу күнүндө эл көп чогулган соода борбордо белгисиз адам ок чыгарган. Натыйжада бир адам каза болгон. Бул туралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Окуя Калифорния штатынын Сакраменто шаарындагы «Arden Fair Mall» соода борборунда жума күнү болгон.

Полициянын маалыматы боюнча, шектүү адам имараттын ичинде ок чыгара баштаган, ал учурда ал жерде адамдар көп болгон. Натыйжада эки адам жаракат алып, алардын бири ошол жерде каза болгон экинчиси оор абалда ооруканага жаткырылган.

Учурда жергиликтүү полиция кылмышка шектүү адамды издеп жатат. Укук коргоо органдары — ок атышуу адамдардын ич ара келишпестигинен келип чыкканын, массалык өлтүрүүгө багытталбагандыгын кошумчалады. Окуядан кийин сатып алуучулар  соода борборунун имаратынан эвакуацияланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM