Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын сууда сүзүүчүлөрү эки алтын медалга ээ болду

Кыска кабар , Спорт | 28 Ноя 2020 | 744 | 0

Кыргызстандын  спортчулары сууда сүзүү  боюнча Өзбекстандын лицензиялык Кубогунда 4 медалга ээ болду.

Турнир 25-ноябрда Ташкент шаарында башталган, ага Кыргызстандан 6 спортчу катышкан. Евгений Петрашовдун жетекчилиги астында Кыргызстандын курама командасынан Денис Петрашов брасс ыкмасы менен 50 метр аралыгындагы жарышта жеңишке жетсе, Елизавета Рогожникова 200 метр аралыкка сүзүү боюнча жеңишке жетишкен.

1500 метр аралыкка эркин стилде Рамазан Омаров экинчи болуп күмүш байгеге ээ болсо, ал эми Тенгиз Тюбев коло медалга ээ болду.

Белгилей кетсек, Турнир 29-ноябрда жыйынтыкталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM