Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын сууда сүзүүчүлөрү Ачык Өзбекстан кубогуна катышууда

Кыска кабар , Спорт | 27 Ноя 2020 | 388 | 0

Кыргыз Республикасынын сууда сүзүүчүлөрү лицензиялык турнирге катышып жатат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

24-ноябрда Ташкент шаарында башталган Ачык Өзбекстан кубогу үчүн лицензиялык турнир 29-ноябрда аяктайт. Кыргызстандан Денис Петрашов менен Елизавета Рогожникова башкы машыктыруучу Евгений Петрашовдун жетекчилиги астында катышууда.

Белгилей кетсек, спортчулар иш сапарга 2020-жылга карата негизги республикалык жана эл аралык мелдештердин календардык планына ылайык, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын каржылоосу менен жөнөтүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM