Биз менен байланышыңыз

Марадона бокста чемпион Сантос Ласиаро менен мушташкан

Кыска кабар , Спорт | 27 Ноя 2020 | 449 | 0

25-ноябрда легендарлуу футболчу Диего Марадона көз жумган. Аны дүйнө жүзү эскерип жатат. Марадонанын көзү тирүүсүндө рингге чыккан видеосу социалдык тармактарда көп көрүлүп, кызыгуу жаратты.

Марадона 1996-жылы бокста да өзүн сынап көрүп, жергиликтүү чемпион, жакын досу Сантос Ласиару рингде таймаш өткөргөн. Ал учурда Ласиару ардактуу эс алууда жүргөн. Бирок ошол кездеги Аргентинанын «Бока Хуниорс»клубунда ойногон Марадонанын өтүнүчүнөн улам рингге чыгууга макулдугун берген.

Бул досу Ласиарунун эң чоң жеңишинен 15 жыл өткөндөн кийин болгон үч раунддук шоу-таймаш болчу. Ласиару 1981-жылы Сантос WBA титулун жеңип, түштүк африкалык Питер Матебуладан чемпиондукту тартып алгандан кийин, бул беттеш акыркы мушташы экенин, мындан ары ардактуу эс алууга кетерин жарыялаган.

Кызыгы, мушкерлердин салмагында бир топ айырма болгон, тактап айтканда, Марадона 75,3 килограмм, ал эми Ласиару 61,6 килограмм эле.

Футболчу мушташка «Бока Хуниорс» футбол клубунун шортасын кийип  чыкан. Ласиару менен беттештин башталышында эле катуу соккуларды узатып баштаган. Оюн аяктап калган маалда эки мушкер көрүүчүлөргө күлкү тартуулоо максатында ортодогу калыска сокку узатып киришкен. Жыйынтыгында, калыстар өкүмдү көпкө чейин ойлонушуп, тең чыкты деп жарыялашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM