Биз менен байланышыңыз

Пеле: Бир күнү Диего Марадона менен асманда ойнойбуз

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 26 Ноя 2020 | 719 | 0

Аргентина курама командасынын мурунку капитаны Диего Марадонанын каза тапканына байланыштуу көптөгөн көңүл айтуулар, эскерүүлөр жазылууда. Футбол боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону, Бразилия курама командасынын мурдагы оюнчусу Пеле да Твиттер баракчасы аркылуу өзүнүн көңүл айтуусун жарыялады.

«Кандай гана кайгылуу жаңылык! Мен жакшы досумду жоготтум, а дүйнө легенданы жоготту. Дагы көп нерсени айта берсе болот, бирок азырынча … Кудай үй бүлө мүчөлөрүнө күч-кубат берсин! Албетте, бир күнү биз топту асманда чогуу тебебиз», — деди Пеле.

Диего Марадона 25-ноябрда 60 жашында жүрөгү токтоп калган. Ал футбол боюнча дүйнө чемпиону (1986). Дүйнөлүк чемпионаттын төрт жолку катышуучусу, «Наполи» клубунун курамасында Италиянын эки жолку чемпиону. ФИФАнын сурамжылоосу боюнча «ХХ кылымдын эң мыкты футболчусу» деп табылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM