Биз менен байланышыңыз

Президенттин парламенттеги өкүлү Дыйканбаев кармалды

Кыска кабар | 24 Ноя 2020 | 1613 | 0

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев УКМК тарабынан кармалды. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Берилген маалыматка ылайык, Дыйканбаев октябрда өткөн шайлоо өнөктүгү учурунда мамлекеттик ишкананын жетекчисинен 7 млн сом талап кылган. Ал кайсы бир саясий партиянын кызыкчылыгын көздөп, стратегиялык делген мамлекеттик ишкананын жетекчисин кызматтан алам деп, — опузалаганы айтылат.

Ошондой эле, опузалоо менен алынган 7 млн сом каражат шайлоо учурунда добуш сатып алууга жумшалган деп билдирет УКМК.

Учурда Курманбек Дыйканбаевге карата «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Курманбек Дыйканбаев 2018-жылы 14-февралда президенттин парламенттеги өкүлү болуп дайындалган.

Copyright © 2017 Maral FM