Биз менен байланышыңыз

5G технологиясын Кыргызстанга киргизүү аракети көрүлүүдө

Коом | 23 Ноя 2020 | 1187 | 0

Кыргызстанда акыркы айларда мобилдик интернеттин ылдамдыгы төмөндөдү. Андан сырткары аптасына же айына төлөнүүчү абоненттик төлөмдөр, тарифтин баалары кымбаттап, жарандар байланыш операторлорун алмаштырып жаткан учуру. Буга байланыштуу кыргыз расмийлери өлкө аймагында уюлдук интернеттин бешинчи муунун жайылтууну көздөп жатышат.

Адистер Кыргызстандагы интернет ылдамдыгынын азайышын учурда бардык иштин жапырт онлайн форматка өткөнүнө байланыштырат. Айрыкча, эртең менен окуучулардын, студенттердин онлайн сабагы башталган маалда түйүнгө күч келип, ылдамдык жайлашы мүмкүн. Бул — техникалык мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Статистикалык маалыматтарга таянсак, быйыл Кыргызстанда уюлдук интернет колдонгон абоненттердин саны күтүлгөндөн эки эсе көбөйгөн. Мисалы, үн трафиги (речевой трафик) 2019-жылы жалпы 12 миллион минута деп эсептелсе, быйыл 10 айда 8,45 миллион болгон. Бул былтыркыга салыштырмалуу азыраак, анткени абоненттердин көпчүлүгү интернет аркылуу байланыш түзүп калган.

Байланыш мамлекеттик агенттигинин директору Азамат Дыйканбаев быйылкы жылы интернет колдонуучуларынын саны 6,1 миллионго жеткенин билдирди.

— Бизге келген маалыматтар боюнча, мурунку жылы 5,7 миллион абонент интернет колдонсо, быйыл 6,1 миллионго жетти. Уюлдук операторлордун айтымында, быйылкы жылы интернет колдонгон абоненттер 100 пайызга өсөт деп күтүшкөн экен. Кырдаалга байланыштуу 200 пайызга чейин көбөйгөн.

Мамлекеттик байланыш агенттиги өздөрүнө караштуу мекемелер арасында атайын жумушчу топ түзүп, өлкө аймагындагы уюлдук интернеттин бешинчи муунун жайылтуунун үстүнөн иштеп жатышканын маалымдады. Алардын айтымында, акыркы муундагы интернетти өлкө аймагына алып кирүүнүн жолдору талкууланып, ага Кыргызстандагы уюлдук операторлор да кызыкдар. Бул туурасында Мамлекеттик байланыш агенттигинин башкы адиси Урмат Абышев мындай деди:

Азыркы учурда интернет байланышы мурдагыдан жакшыраак. Анткени, интернеттин сапатын жакшыртуу үчүн Мамлекеттик байланыш агенттиги жана өлкөдөгү мобилдик байланыш операторлору менен биргеликте бир топ иштерди алып барганбыз. Андан сырткары 5G уюлдук интернетин Кыргызстанга киргизүү боюнча мобилдик оператор, министрлик жана мамлекеттик органдар менен биргеликте жумушчу топ түзүлүп, атайын радиожыштык да бөлүнгөн. 

Бул маалыматты «Мегаком» уюлдук оператору да кубаттады. Компания 5G интернет тутумун тесттик режимде текшерүүнүн үстүндө иштеп жатканын, бирок жакынкы аралыкта аны коммерциялык ишке киргизүү каралбаганын билдирет. «Алфа Телеком» мамлекеттик компаниясынын маалымат катчысы Иван Донис дүйнө жаңы технологиялар аркылуу өнүгүп жатканда, Кыргызстан артта калбашы керек деп эсептейт.

Азыр интернеттин ылдамдыгы жайлады деп жаткандар болсо, бул алардын базалык станциядан алысыраак жерде тургандыгына байланыштуу болушу ыктымал. Интернеттин сапаты төмөндөдү дегенге кошулбайм. Ал эми 5G боюнча айта турган болсом, жакында тесттик мезгил болору күтүлүп жатат, азыркы учурда коммерциялык багытта колдонууга уруксат жок. Биз сөзсүз түрдө бул технологияга жетебиз, анткени дүйнө жүзү, кала берсе коңшу өлкөлөр да ушуга келип жатышат, биз да четте калбашыбыз керек. 

Буга чейин пандемия күчөп турган мезгилде «Кыргызстанда 5G уюлдук интернети орнотулуп жатыптыр. Азыркы оорунун жайылышына ошол себепкер экен» деген маалымат тарап, кыргызстандыктарды бир сыйра дүрбөлөңгө салган. Байланыш агенттигинин директору Азамат Дыйканбаев 5G технологиясы радиожыштыктар, 4G, мурунку 3G технологиясы сыяктуу эле иштээрин айтып, эгер кооптонууга негиз бар болгон болсо, анда булардан да баш тартуу керектигин белгилейт.

Эске салсак, буга чейин вице-премьер-министр Равшан Сабиров өлкөдөгү уюлдук операторлордун өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда радиожыштыкты натыйжалуу пайдалануу, Кыргызстанда уюлдук интернеттин бешинчи муунун жайылтуу керектигин билдирген эле.

Кыргызстанда интернеттин акыркы мууну болуп 4G саналат. Ал өлкөдө 2014-жылдан бери иштеп келет.

Copyright © 2017 Maral FM