Биз менен байланышыңыз

Антонина Шевченко атаандашын техникалык нокаут менен утту[видео]

Кыска кабар , Спорт | 22 Ноя 2020 | 580 | 0

Бүгүн, 22-ноябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өтүп жаткан UFC 255 турниринде кыргызстандык мушкер айым, Антонина Шевченко бразилиялык Ариана Липски менен беттешти.

Анда Антонина Шевченко бразилиялык мушкерден бир топ күчтүү болуп, экинчи бөлүктө атаандашын техникалык нокаут менен жеңип алды.

Антонина Шевченко буга чейин UFC уюмунун алкагында 5 беттеш өткөрүп, 3 жолу жеңип, 2 жолу утулду. Ал акыркы беттеште америкалык Кэтлин Чукагяндан жеңилген болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM