Биз менен байланышыңыз

Конституциялык кеңешме ишин баштады

Кыска кабар , Саясат | 21 Ноя 2020 | 629 | 0

20-ноябрда Конституциялык кеңешменин алгачкы жыйыны болуп өттү. Аны президенттин аппарат жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов жана парламент төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров көзөмөлгө алып, иш алып баруусуна көз салып турат. 

Расмий бийликтин маалыматына таянсак, Конституциялык кеңешме көпчүлүк депутаттардын жаңы конституциялык долбоорду демилгелеп чыккандыгын эске алуу менен түзүлгөн. 

Кеңешменин төрагасы болуп, юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев дайындалды. Бул тууралуу жыйындын башында Президенттик аппараттын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов билдирди. 

— Урматтуу кесиптештер, Коституциялык кеңешменин төрагасын тааныштырайын: эл аралык жана конституциялык укук боюнча Славян университетинин кафедра башчысы, юридика илимдеринин доктору, тарых илимдеринин кандидаты, профессор Бөрүбашев Бекбосун Ишенбекович. Анын орун басарлары болуп Жогорку Кеңештин депутаты Керезбеков Канат Керезбекович, Илимдер академиясынын мүчө корреспонденти, Конституциялыык кеңешменин төрага орун басары, илимпоз Тогузаков Осмон Асанкулович дайындалды. 

Жыйынга 80ден ашык юрист, юридикалык билими бар мамлекеттик, коомдук ишмер жана көз карандысыз коомдук жарандын өкүлдөрү мүчө болушкан. 

Биринчи отурумда төрага Бекбосун Бөрүбашев Кеңешменин башкы максаты, кандай жол менен иш алып бара турганы тууралуу айтып, мүчөлөргө:

Биздин Конституциялык кеңешменин макамы кандай? Бул — президенттин алдында турган коомдук, консультативдик орган. Негизги милдеттери: азыркы долбоорду карап, иштеп чыгып, аны сунуштоо. Өзүнүн курамы боюнча, билишимче, 85 киши болуп жатат. Анын 28и мамлекеттик кызматта тургандар, 21и депутат, 35и илимпоздор. Негизги күч окумуштууларга түшүп жатат, ошол үчүн өзүмдүн кесиптештериме кайрылат элем: бизге эл үчүн иштеп берүү мүмкүнчүлүгү түзүлүп жатат. Аны пайдаланып, элге кызмат кылып калалы, — деген кайрылуусун жасады.

Бөрүбашев андан сырткары, эгер ыңгайлуу болбосо, пандемияга байланыштуу үйдөн иштөөгө боло турганын да белгиледи. 

Кеңешменин мүчөлөрүнүн айрымдары башкаруу системасын өзгөртүп, президенттин укуктарын кеңейтүүнү сунуштаса, кээ бири парламентаризмди калтырууну сунуш кылды. Андан сырткары, мыйзамдагы айрым маселелер тууралуу да кеп козголду. 

Бул Конституция менен үстүртөн таанышып чыктык, Жогорку Кеңеш даярдап, анан ызы-чуу болуп атыптыр да. Биз ушул Конституциянын тегерегинде иштегенге укугубуз бар экен, туурабы? Башкаруу системасы боюнча, президенттик башкаруу болушун колдойм. Мисалы, Амекриканы алып көрөлү, аларда парламенттик башкарууга өтөбүз деген маселе көтөрүлө элек. А бизге болбойт, мен макул эмесмин парламенттик башкарууга. Бизге дагы кылымдар бар али. Мына бу үч революция тең парламент күнөөлүү, — деди коомдук ишмер Садирддин Төралиев.

Жыйынга катышуучулардын көпчүлүгү сөз сүйлөгөн жок. Алардын айрымдары гана башкаруу системасынын айланасында жана президенттик башкаруунун натыйжалуу жактары гана талкуулады. Отурумдун соңунда, Бөрүбашев кеңешменин атайын сайты иштеп баштаганын жана иш тартиби эртең мененки 10дон кечки 18:00гө чейин болорун кошумчалады. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM