Биз менен байланышыңыз

Конституциялык кеңешти Бекбосун Бөрүбашев жетектейт

Кыска кабар | 20 Ноя 2020 | 610 | 0

Бүгүн Конституциялык кеңештин алгачкы жыйыны болуп жатат. Жарлыкка ылайык, анын жүрүшүнө Президенттин аппаратынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов жана Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров байкоо салат.

Конституциялык кеңештин алгачкы жыйыны ачылып, аны юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев жетектей турган болду. Ал эми орун басарлыгына Жогорку Кеңештин депутаты Канат Керезбеков дайындалды.

Эске салсак, президенттин милдетин аткарып жаткан парламент төрагасы Талант Мамытов Конституциялык кеңеш түзүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Конституциялык кеңешме тиркемеге ылайык курамда түзүлөт. Кеңешме конституциялык түзүлүштүн негиздерин өркүндөтүүнүн, жарандардын укуктарын, мамлекеттик бийлик системасынын, бийлик бутактарынын ортосундагы ыйгарым укуктарды оптималдаштыруу, чектөөнүн концепциясын, ошондой эле жогоруда аталган багыттардан келип чыгуучу башка маселелерди талкуулоону жүргүзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM