Биз менен байланышыңыз

Талашка түшкөн мектептин тагдыры чечилди

Кыска кабар | 17 Ноя 2020 | 2251 | 1

Бүгүн, 17-ноябрда Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча комиссиясы Тоголок Молдо атындагы №71 мектеп боюнча маселени карады. Жыйындын соңунда депутаттар кесиптештери көтөргөн сунушту артка кайтарып, мектептин макамын мурдагы абалында калтыруу чечимин кабыл алышты. 

Вице-мэр Айжан Чыныбаева аталган мектептин окуучулары жалпы билим менен кошо кесиптик билим да алып чыгарын эске алып, ага «мектеп-лицей» макамын берүү, мектептин карамагындагы жетим балдар үчүн салынып баштап, бирок курулушу токтоп калган жатакананы Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин балансына өткөрүү сунушун бергенин, бирок коомдук талкууну эске алып, андай пикирден кайтканын айтты.

Ал эми мектеп-интернаттын директору Рустам Атаев мектеп 2014-жылы президент колдоого алган пилоттук долбоордун негизинде, меценат-демөөрчүлөрдүн жардамы аркылуу оңдоп-түзөөдөн өткөнүн маалымдады. 

Ал ошондой эле мектепке ата-энесинен ажырагандыгы сот аркылуу тастыкталган балдар кабыл алынарын, социалдык долбоор бүгүнкү күнү өз мүдөөсүнө жеткенин белгилейт.

 — Биз өлкө аймактарынан үч категориядагы балдарды кабыл алабыз: биринчиси — томолой жетимдер, экинчиси — кароосуз калгандар, үчүнчүсү — ата-энелери багуу укугунан ажыратылгандар. Бүгүнкү күнү пилоттук долбоорубуз өз максатына жетти, эки жолу бүтүрүүчүлөрдү узаттык. Биринчи жылы 28 окуучу аяктаган, алардын 99 пайызы жогорку окуу жайларга тапшырып, бешөө чет өлкөдөн билим алып жатат. Быйыл 40 окуучу аяктады, аларды да жогорку окуу жайларга тапшырттык. Эгерде мамлекет бул балдарды өз камкордугуна албаса, ар кандай жолго түшүп кетиши мүмкүн да. Ошондуктан биздин долбоор өз максатына жетти деп эсептейм, — деди Атаев. 

Мектеп директору балдар кошумча кесиптик билим алып, чет тилин үйрөнүп чыгарын жана ар бир бала үчүн эсеп ачылып, мамлекеттен бөлүнгөн жөлөк пул мектепти бүткөнгө чейин атайын эсепте сактала турганын кошумчалады. 

Шаардык кеңештин депутаты Адиса Имангазиева мектептин макамын өзгөртүүнү сунуштады.

 — Менин эсимде, 2014-жылы мектепке 200 бала кабыл алынып, андан кийинкилери кабыл алынбай турган болгон. Ошондо мага да ата-энелер кайрылып, мектептин макамын өзгөртүүнү суранышкан. Эми, 68 баланы бүтүргөндөн кийин кадимки эле мектеп макамын бериши керек да, мектеп-лицей же мектеп-гимназия деп, — деди Имангазиева. 

Депутаттардын талкуусунан кийин мектептин «интернат» макамын калтыруу, бул маселени кайра көтөрбөө чечимин кабыл алышты.

Ал эми депутат Аскар Күрүчбеков кароосуз калган балдардын укугун коргоп, аларга жардам берүүнү сунуштайт. Ал №71 мектеп социалдык долбоордун негизинде ачылган өлкөдөгү жалгыз мектеп экенин эскертти.

Менин билишимче, бул — атайын демөөрчүлөр жардам берип, камсыздап келаткан жалгыз мектеп. Муну ишкерлер, эстрада ырчылары колдоого алышат экен, реконструкциядан өткөрүп, жакшы деңгээлге чыгарышыптыр. Эл менен тыгыз иштешип жатат экен. Эми, документинде «интернат» деп жазылып турганы маселе эмес, ушундай интернаттардан чыккан биздин залкарлар мамлекетти түптөгөн. «Ата-энелер айтып жатышат» дейсиңер, а жетимдердин ата-энелери жок, болбосо алар деле «тийбегиле балдарыбызга» дейт эле. Эч кими жок балдарга тийишкенибиз туура эмес деп ойлойм. Балким, өлкөбүздү саздан чыгарып кете тургандар тарбияланып жатат азыркы учурда, мен ага ишенем. Тескерисинче, депутаттар чогулуп, алардан кабар алып, жардамыбызды беришибиз керек, — деди Күрүчбеков.

Эске салсак, буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин этика комиссиясынын жыйынында депутат Чыңгыз Жумалиев аталган мектепти шаардын балансына өткөрүп, «мектеп-интернат» макамын өзгөртүүнү сунуш кылган. Ал мындай маселе көтөрүүсүн 1200 окуучуга ылайыкталган мектепте 150 гана окуучу окууру жана 12-кичи райондун тургундары балдарын мектепке окуткусу келбей жаткандыгы менен түшүндүргөн. Бирок, мектеп жамааты депутаттын айткандарын четке кагып, учурда 1000ге чукул окуучу билим алып жатканын билдирген эле.

1 пикир

1 пикир

  1. Шайлоогул

    17.11.2020 23:06

    Эн жакшы жанылык!Бул.мектепте келечектин призиденти же спикери окуп жаткандыр!Рустам агай!Коллективинизге,сизге ишигерге ийгилик,балдарынар эч нерсеге муктаж болбой бактылуу кундорун ушул мектепте.откорушсун!Менин иним Белек ушул мектепте окуп бутконуно.сыймыктанам.Ал бугун студент!

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM