Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Баткендеги айрым жер тилкелери трансформацияланды

Кыска кабар | 17 Ноя 2020 | 1337 | 0

Баткен облусундагы айрым жер тилкелери трансформацияланды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

2020-жылдын 2-ноябрында президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Баткен облусуна иш сапары менен барганда тургундар калктын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу турак жай салууга жер тилкесин бөлүп берүүнү өтүнүшкөн.

Буга байланыштуу Баткен облусундагы айрым жер тилкелери трансформацияланганын өкмөттөн кабарлашты.

Жапаров кол койгон токтомго ылайык, Баткен районундагы Суу-Башы айыл аймагындагы 151,1 гектар жер жеке турак жайларды куруу үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулду.

Мындан тышкары, Баткен районундагы Дара айыл аймагындагы 148,6 гектар жер жеке турак жайларды куруу үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» түрүнө которулду.

Ошондой эле Кара-Бак айыл аймагында жайгашкан 300 гектар жерди трансформациялоо боюнча токтом кабыл алынган.

Мындан ары жерди мыйзамсыз басып алгандар камалат

Садыр Жапаров 13-ноябрда «Сугат жана айдоо жерлерин трансформациялоого мораторий киргизүү жөнүндө», «Жер участокторун трансформациялоо жөнүндө» мыйзамдарга кол койгон.

Copyright © 2017 Maral FM