Биз менен байланышыңыз

Ара жолдо калган экономикалык мунапыс

Саясат | 18 Ноя 2020 | 852 | 0

Кыргызстан эгемендик алган 30 жылдан бери алгачкы жолу экономикалык кризистин рекорддук көрсөткүчүнө жетти. Экономисттер буга биринчиден, пандемия, экинчиси, саясий кризис себеп дешет.

5-6-октябрда болуп өткөн башаламандыктардан кийин абактан чыгып, өкмөт башчылыкка дайындалган Садыр Жапаров 21-октябрда экономикалык кылмыш жасагандарга мунапыс жарыялап, акчаларын казынага кайтаруу үчүн 30 күн убакыт берген. Көп өтпөй башпрокурор Курманкул Зулушев мунапыстан мамлекеттик казынага дээрлик 400 млн сом түшкөнүн маалымдаган. Ал эми Садыр Жапаров өкмөт башчылык ыйгарым укуктарын токтотуп туруу алдында берген маалымат жыйынында экономикалык мунапыс ийгиликтүү ишке ашарын айткан.

— Экономикалык мунапыс боюнча мыйзам эртең-бүрсүгүнү күчүнө кирет. Мен ойлойм, бул ийгиликтүү ишке ашат, азырынча мыйзамы жок эле, мен аттарын атабай эле коеюн, төбөсү көрүнгөнү дагы, көрүнбөгөнү дагы айрымдар күнөөлөрүн мойнуна алып, казынага акчаны кайтарып жатышат.

Бирок экономисттер экономикалык мунапыс өз мүдөөсүнө жетпейт дешүүдө. Анткени мунапыс берүүнүн жол-жобосу толук иштелип чыккан эмес. Муну менен катар, экономикалык кылмыштарга декларациясын жашыргандарды баш кылып күнөөлөп, алардан да пайдаланса боло турганын белгилешет. Бул пикирди кармангандардын бири экономист, мурдагы премьер-министр Алмамбет Матубраимов чиновниктердин көпчүлүгү кыймылсыз мүлктөрүн өзүнө каттатпай, жашырып каларын айтып, андайларды азыркы жарыяланган мунапыстан пайдаланып, казынаны толтуруп калса болот деген пикирде.

— Эч болбосо, биздеги декларация дегенди пайдаланса болот эле. Анын негизинде мунапыс десе деле көп нерселер чыгып калмак, анткени көпчүлүк аткаминерлер үйлөрүн, квартираларын, кымбат унааларын жакындарына каттатып, жашырып калышат. Андан сырткары көптөгөн бизнестерин, ресторандарын жашырып коюшат. Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан каралса, чыгып калмак да. Эми экономикалык амнистия беш жолу өттү, бешөөндө тең канча каражат түшкөнү белгисиз, купуялуулук сакталгандан кийин, кимдер төлөгөнүн деле билбейбиз, — деди Матубраимов.

Ал эми экономика боюнча экперт Эркин Абдыразаков мамлекеттик сатып алууларга катышып жүргөн чиновниктердин ишин тыкыр иликтеп, банк кызматкерлеринин аткарган операцияларын текшерип, Монголиянын бийлиги колдонгон ыкманы пайдалануу керек экенин билдирди.

Эксперттин айтымында, экономикалык амнистияны дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө пайдаланып келишет, бирок кыргыз бийлиги жарыялаган мунапыс шайлоо алдындагы элдин ишенимин табуу гана болуп калды.

Амнистияны жарыялаганда, мына, Монголиянын мисалын алып көрөлү. Ал жерде мамлекетке эсепсиз зыян келтирип, мыйзамсыз байыды деген беренелер менен карап, анан ошого жараша мөөнөт берген. Бизде бул маселени мыйзам чегинде карап, жоболорун бекитип коюу керек эле да, андай болгон жок. Мисалы, бажы тармагында, салыкты жашыруу, курулуш компаниялары, банк системасындагы кызматкерлер, мамлекеттик сатып алууларда бюджетке зыян келтиргендер бар, ошолорду иликтеп, мунапыс кылса болот эле,  — дейт Абдыразаков.

Экономикалык мунапыс боюнча белгиленген 30 күндүк мөөнөт 21-ноябрда соңуна чыгат. Деген менен, ага атайын эсеп ачкан мамлекеттик органдар өз эсептерине канча каражат түшкөнүн так билишпейт. Башкы прокуратуранын маалымат кызматы 4-ноябрдагы берген маалымат жаңыртыла электигин, андан ашык каражат которулбаганын, ал эми Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын эсеби боюнча маалымат бере албай турганын билдирди.

Экономика министринин мурдагы орунбасары Элдар Абакиров экономикалык амнистия кандай максатта жасала турганы боюнча түшүндүрмө берип, кыргыз бийлиги жарыялаган мунапыс боюнча коррупционерлердин да пайдаланып кетүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат дейт.

Негизи экономикалык амнистия көбүнчө ишкерлерди көмүскө экономикадан ачык экономикага чыгаруу үчүн колдонулат. Италия, Ирландия сыяктуу мамлекеттерде экономикалык амнистия болгон. Италияда 10 ай, Ирландияда 1 жылдай болуп, 62 миллиард долларга жакын каражат казынага түшүрүлгөн.  Кыргызстанда жарыяланган амнистияга токтом чыга элек, мен көрө элекмин. Болгону, Садыр Жапаровдун ачык кайрылуусун көрдүм, ал жерде ишкерлерди да, коррупция аркылуу байыгандарды да бир тизмеге киргизип коюптур. Менимче, бул туура эмес. Себеби, коррупция кылган башка кылмыш, — дейт Абакиров.

Абакиров кошумчалагандай, коррупцияга аралашкан чиновниктер менен экономикалык кылмыштарды жасаган, киреше булагын жашырган ишкерлердин мунапыс маселесин бөлөк кароо керек.

2016-жылдын 23-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан өзгөртүү киргизилген экономикалык мунапыс жөнүндөгү мыйзам ишкерлер каражатын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн, акчасын легалдаштырып алууга жол ачат. Бул мунапыс мамлекетте зарыл болгон учурда гана ар кандай мөөнөткө жарыяланат.

Эске салсак, Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы катары 21-октябрда 30 күндүк мунапыс жарыялаган. Бирок, өзү алдыдагы президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, кызматтык укуктарын убактылуу токтотту.

Copyright © 2017 Maral FM