Биз менен байланышыңыз

Чет элдик өкүлдөр Кыргызстанга жылуу пикирде экенин билдиришти

Без рубрики , Кыска кабар | 13 Ноя 2020 | 535 | 0

Бүгүн, 13-ноябрь президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров чет өлкөлөрдүн Кыргызстанда аккредитациядан өткөн өкүлдөрү менен жолугушту. Анда, өлкөдөгү болуп өткөн окуялар боюнча кеп козголуп, азыркы бийликтин легитимдүү экенин жана саясий абал турукташканын билдирди.

Жыйынга ар кайсы өлкөнүн Кыргызстандагы элчилери, туруктуу өкүлдөрү жана диаспоралары келип, Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жана Садыр Жапаров катышты.

Министр Казакбаев алгач сөз сүйлөп, өкүлдөрдүн чакырууну кабыл алганына ыраазычылыгын билдирип, жолугушуунун максатын түшүндүрдү.

— Эл чыныгы өзгөрүүлөрдү талап кылып жатат жана жаңы Кыргызстанды курууга үмүттөнүүдө. Бүгүнкү жолугушуу өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу боюнча, өлкө жетекчиси тарабынан көрүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө түздөн-түз толук маалымат алууга жана мамлекеттик башкарууда конституциялык, укук коргоо, социалдык-экономикалык чөйрөлөрдө, элдин жашоосундагы өзгөрүүлөргө жетишүү максатында реалдуу реформаларды жүргүзүү, ошондой эле укуктук, демократиялык мамлекетти түзүү боюнча каалоолорун билүүгө мүмкүнчүлүк жаратат, — деди Казакбаев.

Министр жолугушуунун күн тартибинде Азербайжандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу өкүлү Гидаят Оруджев жана Бириккен улуттар уюмунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Озонниа Ожиелого сөз берилерин кошумчалады.

Өкмөт башчы Садыр Жапаров, кайрылуусунда дипломаттардын ишин жогору баалай турганын белгилеп, өлкөдөгү бийликти өткөрүп берүү процедурасы тууралуу кеп козгоду. Анда бардык саясий процесстер ачык жана мыйзамга ылайык болгонун айтат.

Өлкөдөгү бийликти өткөрүп берүү процедурасы Кыргыз Республикасынын конституциясынын ченемдерине ылайык, тынчтык жолу менен өткөнүн баса белгилейм. Демек, Кыргызстанда бийлик легитимдүү экендигин жана мамлекетибизде коомдук, саясий кырдаал толугу менен турукташты деп, толук ишеним менен айтам. Экинчиден, Кыргызстандын башка өлкөлор менен болгон эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдердин алкагындагы эл аралык милдеттенмелерин улантарын ырастайм. Ошондуктан, Кыргыз Республикасы коомчулуктун алдында эл аралык милдеттенмелерин аткарат, — деп кайрылды дипломаттарга.

Жапаров андан тышкары, өлкөдөгү болуп өткөн башаламандыктар парламенттик шайлоонун ыплас жолдор менен өткөнү үчүн, эл коррупциядан, укуктун жоктугунан жана токтолгон социалдык-экономикалык көйгөйлөрдөн тажаганын билдирип, эл эскиче жашай албай турганын кошумчалайт.

Ошондой эле өлкө башчысынын милдетин аткаруучу мамлекетти реформалоону көздөгөнүн айтып, социалдык абалды турукташтыруу үчүн чет элден жардам сурады:

Чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн ишенимин калыбына келтирүү максатында өткөрүлүп жаткан бул жолугушуубуз өз ара пайдалуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүдө жана  чыңдоодо жаңы импульс берет деп ишенем. Кыргызстанда болуп жаткан процесстерди эл аралык өнөктөштөрдүн позитивдүү кабыл алышына объективдүү маалымат берүүүдө көмөк көрсөтүүнү өтүнөм. Ошондой эле, Кыргызстанда зарыл реформаларды жүргүзүүдө, инвестиция тартууда, COVID-19 инфекциясы менен күрөшүүдө жана өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын калыбына келтирүүдө баарыңыздарды колдоо көрсөтүүгө чакырам. 

Күн тартибине ылайык, Азербайжандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу өкүлү  Гидаят Оруджев сөз сүйлөп, Садыр Жапаровго кайрылуу жасады. Ал сөзүндө Кыргызстан саясий туруксуздукту тез арада жөнгө салып, укуктук талаага кайтып келгенин айтып, бирок мындай кырдаалда ар кандай топтордун чабуулу болушу мүмкүндүгүнөн тынчысызданып, Жапаровдон дипломаттардын коопсуздугун күчтөндүрүп берүүнү суранды.

Улуу урматтуу президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Нургожоевич Жапаров мырза, албетте, биз өлкөдө туруктуулукту гана тилеп турдук. Бактыга жараша бардыгы тез арада нукка түшүп, өлкө мыйзам талаасына кайтып келди. Мен бир нерсени белгилейин деп турам, бийлик алмашып, өлкөдө өткөөл мезгил болуп турган чакта Кыргызстанда аккредитацияланган дипломаттарга ар кандай экстримисттик чабуулдар болушу ыктымал. Ошондуктан, урматтуу Садыр Нургожоевич мырза, сизден дипломаттардын коопсуздугун күчөтүп берүүнү суранам, — деди Оруджев.

Ал ошондой эле Азербайжан менен Армениянын ортосундагы жаңжалды да белгилеп өттү. Анда, Оруджев болуп өткөн окуяларда Армения эл аралык нормаларды, келишимдерди бузуп, жай тургундар жашаган жерлерге сокку жасаганын кескин сындады.

Ал эми Бирикеккен улуттар уюмунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Озонниа Ожиело Кыргызстандын коомдук, саясий абалы турукташып келатканын, БУУ өлкөнү колдоого аларын тастыктады.

Урматтуу президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Нургожоевич, Бириккен улуттар уюму Кыргызстанды колдоого ала турганын тастыктайм. Биз мурдагыдай эле тыгыз кызматташууну улантабыз. Кыргызстан жаш демократиялык өлкө, биз бул өлкөдө калктын аярлуу катмарына жардам берип, аялдардын укугун коргоону, тең укуктуулукту колдоого алабыз. Жана сиздерди дагы буларга көңүл бурууга чакырам, — деди БУУнун өкүлү.

Жакында болуп өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги отурумунда Орусия президенти Владимир Путиндин Садыр Жапаровго жасаган мамилеси боюнча ар кандай пикирлер айтылып, айрым чет элдик басылмалар Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы алакага жарака кеткенин жазган. Бирок, муну Орусиянын ыйгарым укуктуу өкүлү четке кагып, эки тараптуу кызматташуулар телефон аркылуу жана  расмий жолугушууларда сүйлөшүлүп жатканын айтты.

Келгиле, ар кандай аңыз кетперге азыраак ишенип, факттарга көбүрөөк көңүл буралы. Мына, кечээ Садыр Жапаров кесиптеши Михаил Мишустин жана Орусия президенти менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүздү. Андан башка биринчи вице-премьер Артем Новиков да бүгүнкү күнү Москвада расмий иш сапар менен жүрөт. Бул эки өлкөнүн ортосундагы мамиле ыдырады деген сөздөрдү төгүндөп турат, — деди Орусиянын Кыргызстандагы өкүлү Николай Удовиченко.

Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров алдыдагы президенттик шайлоого катардагы жаран катары катышарын белгилеп, мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан президенттик шайлоо таза жана адилеттүү өтөрүнө ишеничин билдирди.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров мындан эки апта мурун чет элдик өкүлдөр менен жолугушууну пландап, бирок жыйын мөөнөтсүз убакытка жылдырылганы айтылган. Айрыс серепчилер мындай көрүнүштү чет элдер бийликти тааныбай жатканы менен түшүндүргөн эле.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM