Биз менен байланышыңыз

«Жапаров учам десе да ишене турган кырдаалдабыз»

Бүгүн болуп өткөн жаңылыктарды улай, президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаровдун маалымат жыйыны кандай таризде өткөнүн саясий серепчилер баалайт.

Премьер-министр ачык-айрым жооп бергенин, коомчулуктан эч нерсе жашырбаганын саясат талдоочу Марс Сариев айтты. Ал Жапаровдун бул кадамы алдыңкы шайлоодо чоң эффективдүүлүгүн көрсөтөрүнөн күмөн санабайт.

Жапаров пресс-конференцияда аябай так, суроолорду калтырбай, ачык жооп берди. Бул шайлоо алдында чоң эффект берет. Ошол жердеги журналисттердин бардыгынын суроолоруна жооп берди, — дейт саясат талдоочу.

Сариев муну менен бирге Садыр Жапаров мурдагы президенттерге салыштырмалуу оюн жашырбай, ачык айтканы менен айырмаланарын кошумчалады.

Мындай пикирди саясий серепчи Алмазбек Акматалиев да колдойт. Ал да Садыр Жапаровдун журналисттердин суроолорунан качпай, болгонун болгондой жооп бергенин айтат.

Акматалиевдин пикиринде, бир ай иштеген өкмөт башчы катары берген жооптору эрктүүлүктү талап кылат, ошондуктан маалымат жыйындагы айтылган сөздөр аны ынандырат.

Президенттин милдетин аткаруучу кишинин бир эле айлык иши да эми бул. Болгондо да өтө опурталдуу кырдаалдан кийинки жооптору болду, суроолор да ошого жараша берилди. Бир нерсени белгилеп айтсак болот: ал киши кээ бир маселелерге жооп берүүдөн качпай, ачыгын айтып: «Ал иш боюнча менин маалыматым жок экен, тактап көрөйүн», — деп жатты. Албетте, мамлекеттик түзүлүштү бир айдын ичинде карап, ийненин көзүнөн өткөрүп чыгуу оңой эмес да, — деди Акматалиев.

Алмазбек Акматалиев Садыр Жапаров жакынкы күндөрү президенттик милдетин тапшыра турганын айтып, эгерде президенттик шайлоодон өтпөй кала турган болсо, айткан убадаларын премьер-министр катары улантарына ишеним артты.

Бирок, бул жыйынды президенттик шайлоого алдын ала даярдык катары сыпаттагандар да бар. Айрым саясатчылар Жапаровдун бул маалымат жыйыны шашылыш түрдө, элдин ишенимин табуу максатында уюштурулганын белгилешет. Алардын бири укук коргоочу Рита Карасартова бүгүнкү жыйын мыйзамды түшүнбөгөндөр үчүн маалымат берүү болсо, мыйзамды түшүнгөндөр үчүн мазактоо катары болуп өткөнүн билдирди. Анын себебин саясатчы мындай түшүндүрөт:

Мисалы, бир журналист аябай жакшы суроо берди: «Раим Матраимовду бошотконго соттун чечими болушу керек болчу, сиз: «Мен чыгардым», — деп айттыңыз. Бул соттордун көз карандысыздыгына доо кетирбейби?» — десе, «Жок, ал жерде сот да болгон жок. УКМКнын убактылуу кармоочу жайынан эле бошотууга буйрук бердим», — деп жатат.  Эми Матраимов 2 млрд сом төлөп берем деп жатат, бул деген — күнөөсүн мойнуна алганы да. Анын чечимин сот гана чыгарат. Мындайча айтканда, ал: «Мен коррупционермин, мойнума алып жатам, ошондуктан мамлекетке акчаны кайтарып берем», — деп жатат. Демек, ал — кылмышкер, — дейт саясатчы.

Карасартова аны менен бирге өкмөт башчынын эки сөздүү болуп жатканын белгилеп, мурдагы айткан сөздөрүнөн кайра кайтып жатса да, эл ишеним артып турганына таң каларын кошумчалады.

Эми, Жапаров өткөндө Конституцияны өзгөртмөйүнчө коррупция менен күрөшүү кыйын экенин айткан болчу, а бүгүн «люстрация президенттик шайлоо өтмөйүнчө болбойт экен», — деп жатат. Бул элге майдай жагып жатат, анткени эл азыр 10-январды эле күтүп турат, президенттик шайлоо өтсө эле баары оңолуп кете тургандай. Азыр Садыр Нургожоевич асманга учам десе да, ишенип ала тургандай кырдаал түзүлүп турат.

Өлкөдө президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо 10-январда өтөт. Садыр Жапаров 14-ноябрда милдеттерин тапшыра турганын айтып, шайлоого катышуу ниетин билдирген. Мыйзамга ылайык, шайлоого катышууда кызматтык ыйгарым укуктары токтотулуп турат. Эгерде жеңилип калса, анда премьер-министрлик кызматын аткарууга кайра киришет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM