Биз менен байланышыңыз

Өмүрбек Текебаев президенттин милдети кимде экенине кызыкты

Кыска кабар | 12 Ноя 2020 | 880 | 0

Бүгүн, 12-ноябрь Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Жыйындын регламенти боюнча, күн тартибинде бир катар мыйзам долбоорлору добуш берүүгө коюлат.

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев төрагага алгач президенттин милдетин ким аткарары тууралуу маселени карап, күн тартибине киргизүүнү сунуштады.

 — Урматтуу төрага, урматтуу депутаттар, кечээ массалык маалымат каражаттары аркылуу Садыр Жапаров: «Мен президенттик милдетимди аткарбайм», — деп жарыялады. Анын себебин өзүнүн шайлоого баратканы менен түшүндүрдү. Мыйзамда так көрсөтүлбөптүр, мындай кырдаалдарда кандай болору. Бирок, эми логикага жараша, мыйзамдын логикасына жараша нормалдаштырышыбыз керек. Эгер Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарбайм деп чечсе, биз кагаз жүзүндөгү указды көрүшүбүз керек. Анан, биз төрагага президенттин милдетин өткөрүп беришибиз керек, эл да көрсүн мамлекетти ким кимге өткөрүп берип жатат, ким кабыл алып жатат. Бул унчукпай эле «ме» деп туруп берип кое турган топ эмес да, — деди Текебаев.

Ал ошону менен бирге өлкө бир мүнөткө да башчысыз калбашы керектигин кошумчалады.

Төрага Талант Мамытов бул маселе боюнча Садыр Жапаров өзү бүгүн кайрылуу жасай турганын билдирди.

Белгилей кетсек, президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоого катышарын жар салып, ага байланыштуу кызматын тапшыра турганын айткан. Боршайком президенттикке талапкерлердин арызын 14-ноябрь жергилктүү убакыт боюнча саат 18:00гө чейин кабыл алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM