Биз менен байланышыңыз

Курулуп бүтпөгөн каскад, убада берген убактылуу өкмөт

Саясат | 11 Ноя 2020 | 740 | 0

9-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Нарын облусуна болгон жумушчу сапарында Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын абалы менен таанышты. Жапаров өз сөзүндө аталган объекттин Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниси жогору экенин, ГЭСтер каскады өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздай турганын белгилеп, тиешелүү кызмат адамдарына ишкананын тагдыры кандай багытта чечилип жаткандыгы тууралуу такай маалымат берип турууну тапшырды. 

Жогорку Нарын ГЭСтер каскады — Нарын дарыясына курулган «Ак-Булуң», «Нарын-1», «Нарын-2», Нарын-3» чакан ГЭСтеринен турган ири энергетикалык комплекс. Долбоордо көрсөтүлгөндөй, каскаддын жалпы кубаттуулугу 237,7 МВтты түзүп, жылдык электр энергиясын өндүрүү 942,4 млн кВт/саатка жетет. 

Бул долбоор 2012-жылы иштелип чыгып, Кыргыз-Орус өкмөтүнүн ортосундагы келишимдин негизинде ишин баштаган. Анда орус тараптан «Русгидро» ААКы, кыргыз бийлиги тараптан «Электр станциялары» ААКынын ортосунда «Жогорку Нарын ГЭСтер» ЖАКы түзүлгөн. Келишимге кол коюуга ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев жана Орусия президенти Владимир Путин катышкан. 

Долбоордун жүрүшүндө 2016-жылы «Нарын ГЭС-1дин» алгачкы гидроагрегаты ишке кирмек, бирок курулуш иши аксап, каржылоо токтогонуна байланыштуу кыргыз бийлиги келишимди жокко чыгарган. Алмазбек Атамбаев муну башка инвестор таап, курулушту тездетүүнү көздөгөнү менен байланыштырган. 

Бүгүнкү күнү кыргыз тарап кайрадан инвестор издеп жатат. Бул тууралуу «Электр станциялары» ААКнын келечектеги өнүгүү жана капиталдык оңдоп-түзөө башкы башкармалыгынын башчысы Салават Садыракунов билдирди. Анын айтымында, «РусГидро» менен сот жакында болот, анын ордуна мамлекеттик органдар менен биргеликте долбоорду ишке ашыруучу компания изделүүдө.

Бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети, «Энергохолдинг» жана «Электр станциялары» ААКы тарабынан жаңы инвесторлорду тартуу боюнча алгылыктуу иштер жүрүп жатат. Негизи, эки өкмөттүн ортосунда келишим түзүлгөндүктөн, орустардын компаниясына коротулган каражатты кайтарып берүүдө биздин өкмөт жооп берет. Биз ал жакта орустардын «РусГидро» компаниясы менен келишимдин негизинде расмий ыйгарым укуктуу өкүл болуп бермекпиз, — дейт Садыракунов.

Негизинен, долбоорго коротула турган каражатты «Ленгидропроект» ААКы эсептеп берген. Ага ылайык, алгач 400 миллион АКШ доллары деп эсептелинсе, 2014-жылы анын акысы 727 миллион долларга көтөрүлгөн. Бирок, кыргыз өкмөтү келишимди жокко чыгаргандан кийин, «РусГидро» курулушка жумшаган акчанын суммасын 37 миллион доллар деп баалап, аны кайтарып алуу үчүн өкмөттү эл аралык сотко берген. Садыракунов кийинки сот отуруму 2021-жылдын январь айында өтөрүн кошумчалады. 

«РусГидронун» мындай доосунан кийин 2016-жылы депутаттык комиссия түзүлүп, ишти иликтеп чыккан. Ал комиссияны жетектеген Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, орусиялык компания талап кылып жаткан 37 млн доллар уурдалып кеткен. Бул тууралуу комиссия Башкөзөмөл органына кулак кагыш кылган, бирок жыйынтык болгон эмес. 

Биздин депутаттык комиссия 2 ай иштеп, ошол 37 миллион долларды эсептеп чыкканбыз. Ошондо каскадга коротулган акчаларды эсептегенибизде, акчанын теңинен көбү уурдалганы аныкталып, Башкы прокуратурага жана Эсептөө палатасына материалдарды жөнөткөнбүз. Бирок, алар: «Бул — эл аралык келишим, ага кийлигише албайбыз, эл аралык аудиттер текшериши керек экен», — деп, карабай коюшкан. Эми азыр бизден туумдары менен кошкондо, баш-аягы 40 миллион доллардай талап кылып жатат», — деди мурдагы депутат.

Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Нарын ГЭСтер каскады боюнча Садыр Жапаровдун айткан пикирине кошула турганын, долбоорду тез арада жандантуу зарыл экенин айтат. Бирок бул жолкусунда «колу таза», атына доо кетпеген компанияларга берилиши керек деп эсептейт. Анткени, 2017-жылы аталган долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн чехиялык «Liglass Trading CZ» аттуу компания да кызыкдар болуп, кыргыз өкмөтү менен келишим түзгөн. Бирок жалпыга маалымдоо каражаттары аталган компаниянын каражаты жок экенин, Чехиянын өзүндө ишеним таба албагандыгын аныктагандан кийин, коомчулукта нааразычылык жаралып, келишим жокко чыгарылган. 

Садыр Жапаров инвестор тартабыз дегени менен, азырынча ишенимдүү инвестор келбейт. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди. Мунун себебин саясий туруксуздук менен түшүндүрдү. 

Кризис учурунда негизи инвестициялар бар, дүйнөдө кээ бир мамлекеттерде кризиске карабай эле ири ишканаларды ачып жатышат. Тилекке каршы, биздин климатта жакшы инвестор келбейт, анткени, бизде сот аркылуу мүлкүн тартып алышат. Сот болбосо, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү аркылуу же укук коргоо органдары аркылуу ушундай кадамдар көп болот. Ошондуктан, бизге олуттуу иш баштайм деген инвестор келбейт, — деди эл өкүлү.

Ушундай эле пикирди экономика боюнча эксперт Эркин Абдыразаков да айтты. Ал Садыр Жапаровдун азыркы учурда башка маанилүү иштерден да чоң жана чуусу көп долбоордун ишин жандантам дегенин популисттик кадам катары баалайт. Аны менен бирге өкмөт башчы чоң маселелерди тилдин учунда айтып койгону — шайлоонун шаанисине даярдык дейт. 

Эми азыр бир жагынан пандемия, экинчи жагынан саясий-экономикалык кризис болуп турган учурда, чыры өтө көп болгон объект болгонуна карабастан, Садыр мырза кандай максат менен ал жакка барып алды, мен түшүнбөй турам. Бул азыртан эле шайлоонун марафонуна киришип кеткендей болуп турат да. Ал жерде инвестор жок, эч ким келип, куруп берейин деп турган жок. Эми, башка маселелерди, мамлекеттүүлүктү түзүүнүн, мыйзамдуу жолго түшүп алуунун ордуна каскаддан баштап атканы такыр түшүнүксүз. Башка, тез арада чечиле турган маселелер толтура да, — дейт Эркин Абдыразаков.

Абдыразаков Садыр Жапаровдун бир гана бул маселеде эмес, башка көйгөйлөр тууралуу да реалдуулуктан алыс убадаларды берип, кечээ өткөн ШКУнун жыйынында да ишке ашуусу кыйын болгон теманы козгогонун айтты.

Белгилей кетсек, бул — Өкмөт башчынын Нарын облусуна жасаган экинчи иш сапары. Буга чейин да Кочкор районундагы социалдык курулушка капсула салып келген. Андан соң Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарын кыдырып, эл менен жолугушуп кайткан.

Copyright © 2017 Maral FM