Биз менен байланышыңыз

Эртең айрым мектептер салттуу режимде окуп баштайт

Кыска кабар | 10 Ноя 2020 | 1023 | 1

Пандемияга байланыштуу онлайн окуу режимине өткөн айрым аймактагы мектеп окуучулары эртеңден тарта кадимки, салтуу окуу режимине өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Үсөналиев өткөргөн маалымат жыйында айтылды.  

Алынган маалыматка ылайык, Бишкек жана Ош шаарынан башка аймактардагы айрым мектептер кээ бир класстар үчүн офлайн режимде окууну баштайт. Бул чечим коронавирус инфекциясы басаңдап калган айыл аймактар үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Республикалык ыкчам штаб менен макулдашуунун негизинде кабыл алынды. 

Марат Үсөналиевдин айтымында, министрлик ар бир аймакка өзүнчө, индивидуалдуу мамиле жасаган. Мисалы, эртеңден тарта Чүй облусунда бардык 1-класстар салтуу режимде, мектепке барып билим алышат. Бирок Панфилов районунун жергиликтүү бийлиги жана аймактык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору уруксат бербегендиктен, ал райондун бардык окуучулары сабагын онлайн окушат. 

Үсөналиев өлкөдөгү айрым мектептерде ушул тапта да офлайн режимде окуу жүргүзүлүп жатканын айтат. 

 — Бир мисалды айтып кетейин, бардык мектепти жалпы карап, бир убакытта режим алмаштырсак да туура болбой калат экен. Анткени, Сары-Жаз мектебинде 8 окуучу окуйт, интернет да жеткиликтүү эмес. Болбосо Жети-Өгүздөгү Ак-Шыйракты алалы, 1-11-класстарды жалпы алганда 83 окуучу билим алып келет. Буларда коронавирус да жок экен. Ушуларды онлайн окутуунун кандай кажети бар? — дейт Үсөналиев. 

Билим берүү башкармалыгынын башчысы ошондой эле эртеңден тарта 2151 мектепте кадимки билим берүү жанданарын айтып, анын ичинен өлкө боюнча 411 мектеп 1-класстарды гана окутарын кошумчалады.

 — Бул мектептер 1-класстарды окута тургандар. Алар Жалал-Абадда — 33, Баткенде — 107, Чүйдө — 271 мектеп окута алат. Калган Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Ош облустарында мындай мектептер бүгүнкү күндө жок. Булар бүгүнкү күнгө алынган маалымат, эртең дагы оперативдүү иш алып барабыз, маалыматтар өзгөрүп турат. Мындан тышкары, аймактарга 1-5-9-11-класстардын бирин тандоону сунуштаганбыз, алар азыр тандап жатышат. Мындай мектептер: Нарында — 12, Жалал-Абадда — 24, Баткенде — 40, Ош облусунда — 91, Ысык-Көлдө — 49, Таласта — 20. Жалпы өлкө боюнча 236 мектепте 1-5-9-11-класстын окуучулары кадимки режимде окуйт.

Билим берүү министрлиги мектептерге офлайн режим киргизүү маселесин Саламаттыкты сактоо министрлиги менен макулдашып, алардын берген көрсөтмөлөрүнө ылайык улантат.

Кыргызстанда жалпы билим берүүчү 2298 мектеп бар. Айрым класстарды офлайн окутуу боюнча 411 мектепке октябрь айында уруксат берилген. Эртеңден тарта булардын катарына дагы бир канча мектеп кошулат. Ошол эле учурда салттуу режимди кийирүү боюнча 669 мектепке уруксат берүү маселеси кийинкиге жылдырылды.   

1 пикир

1 пикир

  1. Арсен

    10.11.2020 23:13

    Саламатсыздарбы эмне учун 7чи класс окубайт? окушса жакшы болмок интернет жакшы иштебейт келген домашкаларды ачалбай жатабыз.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM