Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Илим күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 10 Ноя 2020 | 431 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда окумуштууларды жана илимпоздорду кесиптик майрамы — Илим күнү менен куттуктады.

Ал өз куттуктоосунда, өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал, калың калктын маданий деңгээли андагы илим менен билимдин абалына көз каранды экенин айтат.

«Ошондуктан өнүгүүнү көздөгөн мамлекеттин негизги багыттарынын бири болуп ийгиликтүү инновациялык чөйрөнү түзүү, келечектүү изилдөөлөрдү жана таланттуу окумуштууларды колдоо эсептелет. Илим улуттук ресурс катары өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн негизги башаты болуп саналат. Илимге болгон мамилени өзгөртүп, аны бизнести, өндүрүштү инновациялык жол менен өнүктүрүүнүн негизги фактору катары карай турган болсок, ата мекендик илимдин статусу өзгөрөт деп ойлойм. Илимпоздор өздөрүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн эмес, көкүрөгүндөгү терең ишеними менен тынбай эмгектенип, жаңы тарыхты жаратып жатат. Акыркы жылдардын жыйынтыгы көрсөткөндөй, илим бир жерде туруп калган жок, жаңы идеялар ишке ашырылып, мамлекеттик буйрутмалар аткарылууда. Коронавирус инфекциясы тараган оор мезгилде окумуштууларыбыз региондорго жардам берип, элибизге тирек болуп беришти», — деди Садыр Жапаров өз сөзүндө.

Ошондой эле учурда илимпоздорго жакшы шарт түзүп берүү, айрыкча жаш адистерге колдоо көрсөтүүнү мындан да күчөтүү зарылдыгы турганын, Жусуп Абдрахманов, Исхак Раззаков сыяктуу чыгаан мамлекеттик ишмерлер илим-билимге жакшы көңүл бөлүшкөнүн айтып, ошол чыгаан инсандардын жолун жолдоо ниети бар экенин белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM