Бишкек шаарындагы 12-кичи райондо жайгашкан №71 мектеп-интернаты талашка түштү. Аны Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары шаардын балансына өткөрүүнү көздөп жатышат. Бул коомчулуктун талкуусуна жем таштады.
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Чыңгыз Жумалиев 6-ноябрда Тоголок Молдо атындагы №71 мектеп-интернатын шаардын балансына өткөрүүнү сунуштаган. Буга себеп катары мектеп 1250 окуучуга ылайыкталганы менен, 150 гана окуучу окуурун, андыктан бул маселени өкмөт менен биргеликте карап чыгуу керектигин жүйө келтирген.
Анын айтымында, мектептин өзүнүн бассейни, спорт аянтчасы бар, бардык шарттар түзүлгөн, аталган кичи райондо андан башка мектеп жок. Эң жакынкы мектеп 11-кичи райондо болгону менен ал жерге көп окуучу батпай, айла жок №71 мектепте билим алып жатышат. Ал эми ата-энелер балдарынын аттестатына «балдар үйүндө окуган» деп жазылып калуусун каалабагандыктан, уул-кыздарын ал мектепке бергилери келбейт.
— Райондогу ата-энелер: «Бул мектеп жакшы окутпай калды, ошол үчүн элдер балдарын бербейт. 1260 окуучуга ылайыкталганы менен, 400-500-600 окуучудай эле окуп жүрүштү», — деп айтып жатышат. Биз азыр муну гимназия кылышыбыз керек. Анан, мурун кыргыз мектеп болчу, биз кыргыз-орус мектеп кылып, жакшы директор келсе дегенбиз. Ал эми кичи райондор чоңоюп жатат, анда канча үйлөр курулуп жатат. Менин билишимче, 12-кичи райондо 20дай жаңы үй курулду, анын ичинен 3-4 миң киши келип жашап жатат. Алардын балдары да бир жерге барып окушу керек да. Мен өзүм ошол райондон дептутат болуп келгем, ал жактагы ата-энелер: «Биздин балдарыбыз каякка барып окушат?» — деген суроо менен кайрылып жатышат, — деди Жумалиев.
Шаардык депутат коомдук талкууну эске алып, мектептин иш алып баруусун жана башка расмий документтерин карап чыгып, тагыраак бир чечим кабыл алынарын кошумчалады.
Шаардык кеңештен жалгыз эле Жумалиев эмес, бул сунушту дагы бир депутат Рысбай Аматов да колдоп чыкты. Ал да мектепти шаардын балансына өткөрүүнү көздөйт. Бул маселе боюнча шаардык кеңеш өкмөттөн колдоо табарына ишенет.
— Мындай да, бул маселеде министрликтин макулдугу менен, кеңешип иш алып баруу керек. Мунун канчалык кереги бар, мыйзамдуулук жагынан кандай болуп калат, таразага коюп көрүп, анан чечим чыгарылат да. Билим берүү министрлиги чет мамлекеттики эмес да, өзүбүздүн эле киши, мектепте да өзүбүздүн эле окуучулар, биздин демилгени колдойт деп ойлойм. Азыркы учурда эл да колдоп жатат, иретке келтирүү жана башка иштерибизди. Биз коомдук талкууну да эске алып жатабыз, — дейт Аматов.
Аталган мектеп 2014-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин жана эл аралык меценат-демөөрчүлөрдүн демилгесинин негизинде, Билим берүү жана илим министрлигинин жиберген катына ылайык, шаардык кеңеш тарабынан мектеп-интернат макамын алган. Кыргызстан менен Түркия меморандумга кол коюп, мектеп талапка жооп бере турган деңгээлде оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.
1230 окуучуга ылайыкталган бул мектепте 2014-жылга чейин 380 окуучу билим алып келгенин, азыркы учурда 1000ге чукул окуучу окуп жатканын мектеп директору Рустам Атаев «Маралга» билдирди.
— Учурда мектеп-интернатыбызда 2020-2021-окуу жылында 993 окуучу окуп жатат. Алардын ичинен 105и — интернат окуучулары. Интернаттын быйылкы бүтүрүүчүлөрүнүн 95 пайызы ЖОЖдорго өттү. Бүтүрүүчүлөр менен атайын координациялык кеңеш иштеп жатат. Алар үйлөнгөнгө чейин көзөмөлүбүздө болот. 880 шаардын окуучусу микроучастоктон окуйт. Көк-Жар айылынан, 11-12-Асанбай кичи райондорунан келишет. 1-класстан 11-класска чейин орус, кыргыз тилдеринде билим беребиз, — дейт мектеп директору.
Ал эми мектептин ата-энелер комитетинин төрагасы Ислам Юсуповго байланышканыбызда, ал №71 мектеп башка мектептерден айырмаланып турарын, мектептин билим берүү сапаты боюнча ата-энелердин даттанганын уга элегин айтты. Юсупов мектеп жамааты балдардын тарбиясына өзгөчө маани берерин белгилеп, директордун ишмердүүлүгүнө ыраазы.
— Биздин мектепти мындайча айтайын, мен мектепке кирип баратканда, ар бир окуучу мени менен саламдашып учурашат. Мен эле эмес, ким кирбесин жылуу саламын беришет. Шаарда мындай тарбия берип жаткан башка бир да мектеп көрө элекмин. Ушул тарбия жагынан өзгөчөлөнүп турган мектеп болгону үчүн мен балдарымды ушунда окутам. Ал эми мектеп директоруна, чынында өзгөчө баа берем. Балдарды ойлогон, жакшы тарбия берген киши. Анын артынан ушул мектептеги жакшы иштердин баары жасалып жатат, — деди Юсупов.
Тоголок Молдо атындагы мектеп 1990-жылдары мамлекет тарабынан салынып, пайдаланууга берилген. Бирок, 2014-жылга чейин ал жерде 400гө чукул окуучу билим алып, шарты талапка жооп берген эмес. Башта белгилегенибиздей, ошол кездеги президенттин демилгесинин негизинде бул мектеп томолой же жарым жетимдер менен шаар тургундарынын балдарын аралаштырып окута турган социалдык долбоор катары кабыл алынган.
Учурда мектепте аймактардан келген атасынан же апасынан, же экөөсүнөн тең ажырап калгандыгы соттун чечими менен тастыкталган балдар билим алышат. Балдар үчүн атайын банктык эсеп ачылып, мамлекет тарабынан төлөнө турган каражат ошол жерге түшүп турат. Бала 18 жашка чыкканга чейин ага эч ким тие албайт. Бул тууралуу «Элим барсыңбы?!» коомдук кайрымдуулук фондунун төрагасы Айдар Кубанычбеков билдирди.
Анын айтымында, кайрымдуулук фонду мектептин кайрадан түптөлүшүнө, ата-энесиз калган балдарды жакшы шартта билим алуусуна чоң жардам берип, мектепти оңдоодо демөөрчү тапкан.
— «Элим барсыңбы?!» тыйын-тыйын кылып каражат чогултуп, мектепти оңдоп, реконструкция кылып берген. Тилекке каршы, иштин баары бүткөндөн кийин, ушунун баары жасалып, мектепте мыкты шарттар түзүлгөндөн кийин көз арткандар көбөйүп, кандайдыр бир бизнес долбоор катары көрүп жаткандар чыгып атат. Же өзүнө пиар жасап, шайлоочулардын добушун алуу максатында ушул жолго баргандар да болот экен. Алар мектепке спорт аянтчасын куруп, оңдоп-түзөп жатканыбызда каякта жүрүштү эле? Бул жерде бир эле нерсени билип коюш керек: бул балдар — башкача балдар, алар менен ойнобош керек. Булар — ата-энесинен ажырап калган балдар-кыздарыбыз, — деди Кубанычбеков.
Азыркы учурда да кайрымдуулук фонду аркылуу бул мектепке ар кайсы өлкөдө жүргөн мигрант мекендештер жардам берип, «Бир демөөрчү — бир окуучу» аттуу долбоордун негизинде билим алып жаткан окуучулар окуу куралдары, кийим-кече менен камсыздалып турат.
1 пикир