Биз менен байланышыңыз

Беларусияда 800дөн ашуун адам кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Ноя 2020 | 300 | 0

Кечээ, 8-ноябрда Беларусияда нааразычылык акциясына катышкан 810 жаран күч түзүмдөрү тарабынан кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн «Весна» укук коргоо борбору билдиргенин «РИА Новости» маалымат агенттиги жазды.

Борбордун маалыматы боюнча азырынча тизмеде 810 адам деп турат, алардын көпчүлүгү Минск шаарынан кармалган. А бирок улам жаңы билдирүүлөр келип, тизме толукталып жатат. Бул боюнча Беларусия Ички иштер министрлиги маалымат бере элек.

Буга чейин Беларусь оппозициясы 8-ноябрда «Эл бийлиги» жөө жүрүшүн өткөрүү боюнча чакырык таштаган. Жөө жүрүштүн катышуучулары Минсктин чок ортосундагы «Эркиндик» аянтына чогулмак. Бирок күч түзүмдөрү катышкан адамдардын айрымдарын кармап кеткендиктен, ошол эле учурда аянтка кеткен жолду жаап салгандыктан, демонстранттар ал жерге кире алышкан жок.

Андан кийин оппозиция тарап ар кайсы жерлерге, айталы, «Минск — Баатыр шаар» стеласынын алдына, Кальварийск, Богданович, Немига көчөлөрүнө, Машеров проспектисине чогулушту. Бирок шаардын күч түзүмдөрү митингчилерди ал жерлерден да кууп таркатты. Кийинчерээк «Рига» соода борборунун алдына, «Бангалор» аянтына,  Якуб Колас көчөсүнө, Пушкин метросунун жанына чогулууга жасаган аракеттеринен да майнап чыккан жок. Акция кечке маал борбордун ар кайсы райондорунда да уланып, бирок ал жерлерден да күч түзүмдөрү тарабынан кууп таркатылды.

Беларусияда нааразычылык акциясы 9-августта өткөн президенттик шайлоодон кийин башталган. Өлкөнүн оппозициясы шайлоочулардын 80,1 %ынын добушун алды делген учурдагы Александр Лукашенконун жеңишин тааныбай тургандыктарын билдирип, аны өз эрки менен отставкага кетүүгө чакырык таштап келишет.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM