Биз менен байланышыңыз

Баткендеги жол кырсыктан 5 адам каза тапты

Кыска кабар | 8 Ноя 2020 | 3364 | 0

Баткен районунда болгон жол кырсыгынан 5 адам каза тапты. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалым болгондой, кырсык бүгүн, 8-ноябрда түш чендерде болгон. Исфана шаарына бара жаткан «Мерседес-Бенц» Рават айылынын тушуна жеткенде каршы тилкеге чыгып кетип, Баткенге багыт алган «ДЭУ Нексия» унаасын сүзгөн. Кырсыктан «Мерседес-Бенц» унаасындагы 3 аял, 1 эркек, «ДЭУ Нексия» унаасынын айдоочусу каза болгон.

Учурда каза тапкан адамдардын ысымдары такталып, кырсык боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM