Биз менен байланышыңыз

Молдалиев: Москванын батасын алгандан көрө, элдин батасын алышсын

Пикирлер | 8 Ноя 2020 | 395 | 0

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев жакында өтө турган президентик шайлоодо талапкерлер башка өлкөлөрдөн колдоо издешинин себебин каржылык көмөк менен байланыштырды. Шайлоо жакындаганда «төркүн издегендей» коңшулардын колдоосун күткөн саясатчылар алардан акчалай көмөк сурайт, — дейт саясат талдоочу Орозбек Молдалиев «Маралга» курган маегинде.

Анын айтымында, Кремлдин колдоосун издегендердин экинчи себеби Орусияга ыктаган, алардын «батасын» алган талапкерди көпчүлүк электорат жакшы колдоп берет.

Шайлоодо «төркүн издеп» калышат дайым. Колдоо тапкан деген эмне? Барат да ошол жактан акча сурап келишет. Шайлоо сайын эле болуп келген ыкма, анын канча суммага чейин алганын эл деле билет. Мунун каржылык колдоодон башка дагы экинчи жагы: «Аа, бул барып, Москвадан колдоо таап келиптир», — деген элдин катмары да бар. Анан ошондой электораттын колдоосун алуу үчүн да барат. Ошол үчүн эле барат булар, андан башка себеби жок. Элибизге таянып, эл өзү колдосун деген саясатчылар аз бизде. Биздикилер Пекинге эле жүгүрүшпөйт. Анткени, Кытай башка мамлекеттин ички саясатына кийлигишпейт. Бул эми биздин саясатчылардын деңгээли да. Бир нерсени түшүнүп койгула да силер: Кыргызстанга ким президент болот, анын Астанага деле, Москвага деле эч айырмасы жок. Ким президент болсо деле баары бир Орусиядан барып акча сурайт, баары бир Орусияга барып, нефтини арзаныраак бер дейт. Орусиянын «Газпрому» мына, көрүп атасыңар, акырындык менен кымбаттатып жатат. Ошондой таасирлүү мамлекет булар. Анан ошол үчүн барып, астынан өтүп коюп, анан «батасын алып койдум» деп айтып коюш үчүн барышат. Биздин саясатчылардын деңгээли ошол. Саясатчы кимге таянышы керек? Саясатчы элге таянышы керек. Элден колдоо табалбай, анан: «Барып, мен баланча менен сүйлөшүп келдим, мен аны менен тең ата сүйлөшүп койдум», — десе, «Аа, бул балекет экен, ошол жактан колдоосу бар экен, кийин бизге ушул маселени ошол мамлекеттер менен чечет экен го?» — деп ойлоп калат дешет. Ошондой кыйын саясатчы болсо, Өзбекстан, Казакстан менен сүйлөшүп туруп, биздин Кыргызстандын суу-энергетикалык маселесин чечип берсинчи. Сууну кошуналар бекер пайдаланып жатышат. Кызматташалы деген ойлору жок, бир аз жардам кылып, жайында силер суу бергенде, биз ошол электр энергияны алып туралы деген маселени чече албай жатпайбы, анан эмнеге мактанат биздин саясатчылар, эч нерсе чечкен жок?! Барып алардын батасын алгандан көрө, элдин батасын алышсын. 

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону өткөрүүнү Боршайком 10-январга белгилеген. Ага азырынча 9 талапкер арызын жазып, алардын катарына премьер-министр Садыр Жапаров менен мурдагы депутат Садык Шер-Нияздын кошулары күтүлүүдө.

Бул жолку шайлоодо негизги атааңдаштык Садыр Жапаров менен Адахан Мадумаровдун ортосунда болорун саясий серепчилер айтып жатышат. Эки саясатчынын тең программасында башкаруу системасын президенттикке өткөрүү бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM