Биз менен байланышыңыз

Беларусиянын борборунда интернет үзгүлтүккө учурады

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Ноя 2020 | 316 | 0

Беларусиянын борбору Минск шаарында интернет байланышы үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу «РИА Новости» маалымат агенттигине Беларусиядагы кабарчысы маалымдаган.

Маалым болгондой, аталган өлкөнүн ири операторлору — «A-1» жана «MTS» мобилдик маалыматтарды берүү кызматы көйгөйлөргө туш болушту: кардарларынын мессенджерлери иштебей, веб-сайттар ачылбай жатат. Мындай мүчүлүштүктөр Минсктин бардык аймактарында орун алды.

Адатта, мындай үзгүлтүк өлкөдөгү ири акциялардын, митингдердин алдында болуп келгенин, бул жолкусу да ошондой көрүнүш катары бааланарын жергиликтүү тургундар айтышкан.

Эске салсак, 9-августта Беларусияда өткөн президенттик шайлоодо өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы учурдагы президент Александр Лукашенконун 80,1% добуш менен кайрадан жеңишке жеткенин жарыялаган. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон оппозиция жана алардын тарапташтары ошондон бери шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну, Александр Лукашенконун тактан түшүүсүн талап кылып, ири нааразычылык акцияларын, митиндерди тынымсыз уюштуруп келишет. Оппозициялык блок Светлана Тихановскаяны жеңишке жетти деп эсептешет.

Митингдер учурда да тынымсыз уланып келет. 26-октярда жалпы улуттук иш таштоо да башталган. Адатта, эң ири акция жекшемби күндөрү орун алат.

Белгилүү болгондой, Беларусиянын күч түзүмдөрү митиндерди токтотуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ, үндүү граната, желим ок, суу машиналарын колдонуп, акциянын айрым катышуучуларын камакка алып келишет. Мындан улам укук коргоо органдары митингдердин радикалдык мүнөзгө өтүп баратканын кулак кагыш кылышып, тынчсыздануусун билдиришүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM