Биз менен байланышыңыз

АКШ: Байден Трамптын буйруктарын жокко чыгарышы мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Ноя 2020 | 274 | 0

«АКШ президенттигине талапкер — өзүнүн жеңишин жарыялаган Жо Байден инаугурациядан кийин бир катар буйруктарга кол коюуну мерчемдеп жатат», — деп жазды «The Washington Post» гезити өздүк булактарына таянып.

Маалым болгондой, Жо Байден буга чейин Дональд Трамп кол койгон «Аба ырайы боюнча Париж келишиминен чыгуу» чечимин, «Бүткүл дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунан чыгуу жөнүндө» буйрукту жокко чыгарып, аталган кызматташтыктарды калыбына келтирүүнү көздөп жатат. Ошондой эле мусулман өлкөлөрдөн туристтердин келүүсүнө, АКШга саякат жасоосуна тыюу салган Трамптын буйругун алып салат жана бала кезинде АКШга мыйзамсыз алынып келинген жарандардын өлкөдө калуусуна шарт түзгөн программа кабыл алат.

Белгилей кетсек, АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өткөн. Ага талапкер катары «Республикачылар» партиясынан учурдагы президент Дональд Трамп, «Демократтар» партиясынан Жо Байден ат салышкан.

Кечээ, 7-ноябрда АКШнын бир катар басылмалары Жо Байден жеңишке жеткенин жарыялашты. Мындан улам бүгүн айрым өлкөнүн башчылары Жо Байденди жеңиши менен куттукташты.

Ал эми Дональд Трамп жыйынтыкты чыгарууга эртелик кыларын айтууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM