Биз менен байланышыңыз

Трамптын тарапташтары нааразычылык акциясына чыгышты

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Ноя 2020 | 415 | 0

«Байден өзүн жеңүүчү деп жарыялары менен Трамптын миңдеген тарапташы нааразычылык акциясына чыгышты», — деп жазды «РИА Новости» маалымат агенттиги америкалык басылмаларга таянып.

Маалым болгондой, «Бул акыркы жыйынтык эмес», «Уурулукту токтот!» деген ураандар жазылган транспаранттарды жана АКШнын желегин көтөргөн Трамптын тарапташтары Таллахасси, Остин, Бисмарк, Бойсе, Финикс шаарларындагы капитолийлердин астына нааразычылыкка чыгышкан. «Айрымдарынын колдорунан курал-жарак да көрүүгө болот», — дейт «Ассошиэйтед Пресс» басылмасы.

Ушундай эле акция Жоржия штатындагы Атланта шаарында да болуп өттү. Алар: «Тыйгыла аны», «Бул акыркы жыйынтык эмес, бул акыркы жыйынтык эмес», «Жалган маалымат» деген плакаттарды көтөрүп чыгышкан.

Белгилей кетсек, Байден кечээ, 7-ноябрда президенттик жарышта жеңип чыкканын жарыялаган. Буга удаа көптөгөн америкалык басылмалар да бир катар шайлоо тилкелериндеги жыйынтыктарга таянып, «Байден жеңди» деп жазышкан.

Ал эми Трамп бардык добуштарды, анын ичинен «Байден бурмалаткан добуштарды» кайра баштан санатып жатканын, Байденди президент деп атоо эртелик кыларын, себеби айрым штаттардагы жыйынтык эмгиче келе электигин айтууда. Ошондой эле «Америкалыктардын акыйкат саноосу бүтмөйүнчө, күрөштү уланта берем», — деп, алдыда өзүнүн позициясын коргоо үчүн сотко даярданып жатканын маалымдады.

Белгилей кетсек, Байдендин президенттиги таанылса, ал АКШнын 46-президенти болот. Байден буга чейинки шайланган президенттердин эң карысы экенин айтышууда.

 

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM