Биз менен байланышыңыз

Профсоюздар парламенттин чечимине нааразы

Коом , Кыска кабар | 6 Ноя 2020 | 531 | 0

Кыргызстандын профсоюздар федерациясы Жогорку Кеңештин 5-ноябрда 2 окуудан өткөргөн мыйзам долбооруна нааразычылыгын билдирди. Алар «Кыргыз Республикасынын профсоюздары жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүү киргизилишине каршы чыгып, депутаттардын Конституцияга каршы келе турган аракеттерге барып жатканын айтышты.

Аталган мыйзам долбоорун депутаттар Данияр Төлөнов, Таалайбек Масабиров, Гүлшат Асылбаева, Улан Примов жана Мирлан Бакиров баш болгон 10 депутат демилгелеп, коомдук талкууга 2019-жылдын апрель айында коюлган эле. Мыйзамдын авторлорунун айтымында, аталган долбоор профсоюз уюмдарынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана алардын кызматкерлеринин кызыкчылыгын коргоого алуу максатында даярдалган.

Бирок, бул мыйзам боюнча профсоюз уюмдарынын кызматкерлеринин арасында бир нече жолу тегерек столдор, конференциялар өтүп, демилгечи депутаттарга эл аралык уюмдар, юридикалык компаниялар, коомдук бирикмелер жана профсоюздар сунуш-пикир менен кайрылып, эскертүү берген. Федерациянын төрайымынын айтымына караганда, эл өкүлдөрүнө кайрылуулары жоопсуз калып, эске алынган эмес.

Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрайымынын милдетин аткаруучу Рысгүл Бабаева маалымат каражаттарына берген билдирүүсүндө, парламент мыйзам долбоорун 2-окуудан профсоюздарга эскертүүсүз, кабардар кылбай туруп өткөргөн. Ал депутаттарга мыйзамга чогуу өзгөртүү киргизүүнү сунуштаганын, бирок жооп болбогондуктан, жаңы төрага болгон Талант Мамытовго кайрылуу жолдогонун айтат,

Ушунун негизинде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кечээ биз жаңы төрагага өзүбүздүн кайрылуубузду жолдодук. Мыйзам долбоорун окууда мыйзам бузуулар болгон. Биз көз карандысызбыз, өзүбүз чечишибиз керек. Бизге канчалаган иштеп жаткан адамдар мүчө, — дейт төрайымдын милдетин аткаруучу.

Ал эми Жалал-Абад облустук профсоюз уюмунун төрагасы Жумалы Апиев аталган мыйзам долбоору уюмдардын ишмердүүлүгүнө каршы, бир гана адамдын ишмердүүлүгүн, анын ыйгарым укуктарын ишке ашырып бергендиктен, коомдук талкууга коюлган кезде сын көп болуп, кайра артка кайтарылганын айтат.

Маалыматка ылайык, жаңы мыйзам Профсоюздар федерациясынын төрагасынын ыйгарым укуктарын кеңейтип, көз карандысыз профсоюз уюмдарынын ишмердүүлүгүнө чектөөлөрдү киргизип коюшу мүмкүн. Жумалы Апиев 4-декабрда өтө турган профсоюздардын съездинде Мирбек Асанакунов төрагалыкка талапкерлигин коюусу күтүлөрүн айтат. Ал эми мыйзам долбоорунун автору Асанакуновдун жубайы, Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекова болуп жатканын билдирди.

— Бул жерде ачыгын айтып кете турган болсом, бул мыйзам долбооруна бир гана адам кызыкдар. Ал – Жогорку Кеңештин депутаты Молдобекова Гүлкан. Молдобекова социалдык маселелер боюнча комитеттин төрайымы болгону үчүн, бул мыйзамды Профсоюздар федерациясынын мурдагы төрагасы Мирбек Асанакуновдун кызыкчылыгына тууралап келатат. Негизи, төрага болушу үчүн устав боюнча профсоюздук эмгек стажы кеминде 5 жыл болушу керек эле. Бирок жаңы мыйзам долбоорунда мамлекеттик кызматта 3 жылдык стажы болсо болот деп атат. Ал эми Асанакуновдун андай эмгек стажы жок болуп, төрагалыкка келгени үчүн биз аны бир нече жолу сотко бердик, — дейт Алиев.

Бирок экс-төраганын соттордон жеңип чыгып келгенин айтып, депутаттарды тегерек столго келүүгө, мыйзамды чогуу карап чыгууга чакырды.

Кыргызстан Профсоюздар уюму эмгекти коргоо боюнча иш алып барып, жашоо-тиричилик, эмгек, социалдык маселелер боюнча нормативдик актыларды, мыйзам долбоорлорун бийлик органдарына сунуш кылып, алардын аткарылышын көзөмөлдөйт.

Бүгүнкү күнү аталган федерациянын 8 миңден ашуун баштапкы уюмунда, 20 тармактык профсоюзунда, 6 облустук профсоюздар кеңешинде жалпысынан 750 миңдей мүчө бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM