Биз менен байланышыңыз

Көк бөрү командаларынын үчүнчү күндөгү оюндары жыйынтыкталды

Кыска кабар , Спорт | 5 Ноя 2020 | 360 | 0

Бүгүн, 5-ноябрда Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Кубогу үчүн беттешип жаткан көк бөрү командаларынын үчүнчү күндөгү оюндары соңуна чыкты.

Бүгүн жалпы 6 оюн: Биринчи Лигада 4 оюн, Жогорку Лигада 2 оюн өттү.

Жалпы жыйынтык төмөнкүдөй болду:

Биринчи Лигада:

  • «Жети-Өгүз» [2:11] «Ала-Тоо»
  • «Сокулук» [8:9] «Келечек»
  • «Мурас» [19:4] «Тору-Айгыр»
  • «Көк жал» [5:3] «Жумгал»

Жогорку Лигада:

  • «Ат-Башы» [3:16] «Сары-Өзөн»
  • «Жаш күч» [7:2] «Кара-Буура»

Белгилей кетсек, Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда болуп жаткан бул турнир коронавирус пандемиясынан улам көрүүчүлөрсүз өтүүдө.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM