Биз менен байланышыңыз

«Төркүн издеген» кыргыз төрөлөрү

Саясат | 5 Ноя 2020 | 2605 | 0

Кыргызстанда 10-январда президенттик шайлоо өтөт. Ага катышуу ниетин билдирип, 7 талапкер БШКга арыз жазды. Бул жолку шайлоодо негизги атаандаш болору күтүлүп жаткан Адахан Мадумаров менен Садыр Жапаровдун жакында Москвага барары айтылды. Адатта, шайлоо алдында талапкерлердин көпчүлүгү тышкы күчтөрдүн, негизгиси Кремль менен Астананын колдоосун күтүп, коңшулардын «батасын» алышат. Мунун себеби эмнеде? Алар Кыргызстандагы шайлоолорго кандайча таасир этиши мүмкүн?

2020-жылдын башында өтө турган президенттик шайлоого ат салышуу ниетин билдиргендердин саны азырынча — жетөө. Алардын катарына өкмөт башчы Садыр Жапаровдун кошулары күтүлүүдө. Ал кызматын 14-ноябрда тапшырып, президенттикке талапкерлигин коет. Серепчилердин айтымында, бул шайлоодо негизги күрөш Адахан Мадумаров менен Садыр Жапаровдун ортосунда өтөт. Өкмөттүн маалымат кызматы буга чейин Садыр Жапаровдун Орусияга расмий иш сапар менен барарын айтса, Мадумаров 7-ноябрда Москвадагы мигранттар менен жолуга турганын тарапташтары жазды.

Эксперттер кыргыз саясатчылары президенттик шайлоолордо Орусиядан жана Казакстандан кыйыр же тымызын колдоо күтүүнү «адатка» айлантканын белгилейт. Буга кыргыз расмийлери жана талапкерлигин койгон саясатчылардын шайлоо алдында «таасирдүү» өлкөлөрдүн башчылары менен ар кайсыны шылтоолоп жолугуп калары далил дешет саясат талдоочулар.

Мисалы, 2017-жылы өткөн президенттик шайлоого бир ай калганда, тактап айтканда, 14-сентябрда ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Сочи шаарында Владимир Путин менен жолугуп, эки тараптуу маселелерди талкуулашканын маалымат кызматы кабарлаган. Ошол эле учурда Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон Өмүрбек Бабанов да Казакстандын ошол кездеги президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугуп, «батасын» алганы боюнча маалымат тарап, анын тактыгын Казакстан тарап да бышыктаган. Мунун айынан Атамбаев менен Назарбаевдин ортосун «кара мышык аралап» кеткени да белгилүү.

Бул боюнча айрым серепчилер: «Саясий-экономикалык жагдайда Астана менен Москванын таасири күчтүү болгондуктан, кандай гана бийлик келбесин, коңшуларга көз каранды бойдон калат», — деген пикирде.

«Мекен Ынтымагы» партиясынын лидери Темирбек Асанбеков: «Ар дайымкы шайлоодо административдик ресурстар колдонулуп, добуш сатып алган учурлар көп катталганы үчүн коңшу мамлекеттер укуктук, саясий жактан терс баа берип койбосун дешип, алдын ала сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт», — дейт.

— Саясий-экономикалык кырдаалды түшүнгөн адамдар: «Эртеңки мамлекет жетекчилигин кантип, кандай багытта алып кете алабыз?» — деген маселе боюнча ошол кырдаалга таасир эте ала турган мамлекеттер менен тил табышуу үчүн барат. Бул — бир жагынан. Бирок тарыхта басып өттүк, ал деле бизге жыйынтык алып келген жок, бул — биздин эле саясатчылардын катачылыгы. Сүйлөшүлгөн маалыматты элге жеткизүү, коомчулук менен тил табышуу деген саясатты дайыма четке кагышат. Ал эми экинчи жагынан алсак, эмне себептен мындай болуп жатат? Анткени, шайлоо таза өтпөйт. Дайыма административдик ресурс колдонулуп, мыйзам бузууларга барышат. Ошон үчүн эл аралык коомчулуктун өкүлдөрү таасирин тийгизип, юридикалык же саясий баа берип койбосун деп, алдын ала астынан өтүп коюу үчүн барышат. 

Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет  Шыкмаматов шайлоо алдында көбүрөөк колдоо тапкан, башкысы Кремлдин «батасын» алган талапкердин шайлоодон жеңип чыгуу ыктымалы жогору экенин айтат. Ал аны Орусиядагы мигранттардын көптүгү менен байланыштырат.

— Негизи эле президенттик шайлоонун алдында, албетте, Орусия тараптын батасын алып келген талапкердин утуу мүмкүнчүлүгү жогору экени жумурай-журтка жакшы эле белгилүү. Анткени, биздин миллионго жакын мигрантыбыз ошол жакта жүрөт. Орусия менен биздин экономикалык, тарыхый жана башка алака-катышыбыз түзүлүп калган. Бул шайлоодо деле кандайдыр бир колдоо көрсөтүү же кайдыгер эместей мамиле жасалышы мүмкүн, албетте. Ал азыр кимдер талапкерлигин коюп, ат салышат, ошондон улам белгилүү болот. Менимче, мунусунда Садыр Жапаровго негизги атаандаш Адахан Мадумаров болот. 

Мындай кырдаалда «колдоо тапты» деген сөздү түз маанисинде эмес, каржылык жактан деген түшүнүктө кабыл алуу керек. Шайлоо жакындаганда «төркүн издегендей» коңшулардын колдоосун күткөн саясатчылар алардан акчалай көмөк сурайт, — дейт саясат талдоочу Орозбек Молдалиев «Маралга» курган маегинде.

Анын айтымында, Кремлдин колдоосун издегендердин экинчи себеби Орусияга ыктаган, алардын «батасын» алган талапкерди көпчүлүк электорат жакшы колдоп берет.

— Шайлоодо биздин саясатчылар «төркүн» издешет дайым. Колдоо тапты деген эмне? Барат да акча сурап келишет, ошол эле. Мунун биринчи себеби каржылык жагынан колдоо алуу болсо, экинчи себеби: «Аа, бул Москва менен сүйлөшүп келиптир, ушуну колдойлу» , — деген электорат да бар. Жанагы Орусияга кошулалы деген саясатчыларды көрүп жатпайбызбы. Булар Пекинге эле жүгүрүшпөйт. Анткени алар башкалардын ишине кийлигишпейт. Анан, бир нерсени түшүнүп койгула, Кыргызстанга кимиси президент болот, анын Астанага деле, Москвага деле эч айырмасы жок. Ким президент болсо деле, баары бир барып, Орусиядан акча сурайт, азыр нефтини кымбаттатып жатат, аны арзандатып бер дейт.  Булар ушундайча таасирин тийгизет.

Учурдагы баш мыйзам боюнча Кыргызстандын президенти 6 жылдык мөөнөткө шайланат. 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон улам келип чыккан толкундоолордон кийин ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков мөөнөтүнөн мурда отставкага кеткен. Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону 10-январга дайындап, ага катышуу ниетин билдирген 10 талапкер БШКга арыз жазды. Шайлоого катыша турган талапкерлер 15-ноябрга чейин Боршайкомго арыз жазышы керек.

 

Copyright © 2017 Maral FM