Биз менен байланышыңыз

Футбол фанаттарынын беттеши өтөт

Кыска кабар , Спорт | 5 Ноя 2020 | 419 | 0

Алгачкы жолу Кыргызстанда футбол ышкыбоздорунан (кесипкөй футболчу эмес) куралган командалар ортосунда республикалык «Фан-Лига Кыргызстан-2020» турнири өтөт. Бул туралуу Кыргыз футбол союзу Инстаграм баракчасына жарыялады.

Оюндар Бишкек шаарындагы Кыргыз футбол союзунун оюн талааларында 7-9-ноябрь күндөрү өтөт. Аны «Kyrgyz Sport TV» каналы түз эфир аркылуу көрсөтүп турат. Чемпиондук үчүн жети облустан жана Бишкек шаарынан «Банк Бай-Түшүм» (Ош облусу), «Раззаков» (Баткен облусу), «Клуб-91» (Жалал-Абад облусу), «Кара-Буура» (Талас облусу), «Беловодск» (Чүй облусу), «Биринчи май» (Ысык-Көл облусу), «Аккула» (Нарын облусу) жана «Ал-Халал» (Бишкек шаары) курама командалары беттешет.

«Фан-Лига Кыргызстан 2020» — Кыргыз футбол союзу жана Кыргыз Республикасынын Спорттук лигасынын демилгеси менен өткөрүлүп жаткан, ышкыбоздор арасындагы алгачкы мелдеш. Башкы максат — өлкөдөгү футболду өнүктүрүү жана футболчулардын чеберчилик деңгээлдерин өстүрүү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM