Биз менен байланышыңыз

«Мамытовдун төрагалыгы Жапаровго пайда алып келет»

Кыска кабар , Саясат | 4 Ноя 2020 | 1194 | 0

Бүгүн Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп, анда Канатбек Исаев төрагалык кызматтан өз каалоосу менен кеткенин жарыялады. Ал кызматта турган аз убакыт ичинде өлкөдөгү абалды турукташтырууга болгон аракетин жумшаганын билдирип, кызматтан кетүү себебин алдыда боло турган президенттик шайлоого катышары менен түшүндүрдү.

«Мен Жогорку Кеңештин төрагасы кызматын өткөрүп берүү чечимин кабыл алдым. Буга президенттик шайлоого катыша турганым негизги себеп. Мамлекетте туруктуулукту орнотуу, мыйзамдуулукка кайтып келүү, Садыр Жапаровдун бийлигин легитимдештирүү үчүн өкмөттүн курамын бекитип бердик. Президенттин ыйгарым укуктары мага жүктөлгөн. VI чакырылыштын мөөнөтү аяктап калгандыктан, мен өз ыктыярым менен президенттин милдетин аткарууну Садыр Жапаровго өткөрүп бергем. Партиялаштарым президенттик шайлоого менин талапкерлигимди көрсөттү. Мен да Жогорку Кеңештин төрагасы катары президенттин милдетин аткара албайм».

Андан соң «Республика-Ата Журт» фракциясы төрагалык кызматка Талант Мамытовду көрсөттү. Жогорку Кеңеш төраганы дайындоонун бардык жараянын түшкө чейин аткарып, Талант Мамытовду көпчүлүк добуш менен бекитип беришти.

Буга чейин айрым эл өкүлдөрү Канатбек Исаевдин президенттин милдетин аткаруудан баш тартып, аны Садыр Жапаровго депутаттардын уруксаты жок өз алдынча өткөрүп бергенине нааразычылык билдиргени айтылган. Мындан улам депутаттар арасында төраганы кызматтан алуу боюнча кол чогултуу башталганы тууралуу маалымат тараган. Маалыматтын чындык экенин эл өкүлү Сайдулла Нышанов бышыктады.

«80 депутаттын колу чогултулуп, «Эгер кызматтан кетпесе, башка чараларды колдонобуз», — деп даярданышкан. Исаев аны билгенден кийин шайлоону шылтоолоп, өз каалоосу менен кетти деп ойлойм».

Талант Мамытов президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаровдун саясаттагы үзөңгүлөштөрүнүн бири экени белгилүү. Мыйзам боюнча Садыр Жапаров президенттикке талапкер болуп калса, президенттин милдетин спикер аткарат. Тагыраагы, шайлоону өткөрүү жараяны Мамытовдун тушунда өтөт.

Саясат талдоочу Марс Сариев жаңы дайындалган төрага Садыр Жапаровдун саясаттагы жакын адамы экенин айтып, анын кызматка келишин эки жактуу баалайт: биринчиден, Жапаров өлкөдөгү коопсуздукту камсыздоо үчүн өзүнүн ишенимдүү адамын алып келиши ыктымал; экинчиден, балким бул өзүнүн саясий кызыкчылыгы болушу мүмкүн.

«Талант Мамытов — Садыр Жапаровго жакын. Анын шайланышы — Жапаровго ыңгайлуу. Анткени, ага карата ар кандай интрига, оюндар болбойт. Шайлоо учурунда спикер да чоң роль ойнойт. Мунун жакшы жагы да көбүрөөк. Анткени өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылууда Жапаровдун ишенген адамы иштегени жакшы». 

Садыр Жапаров буга чейин президенттик жана парламенттик шайлоолордо административдик ресурстар колдонулбай турганын айткан. Башмыйзам боюнча президенттин милдетин аткаруучу адам шайлоого катыша албайт. Мындан улам ал ыйгарым укуктарын 14-ноябрга чейин өткөрүп берерин билдирди.

Эскерте кетсек, Канатбек Исаев Жогорку Кеңештин төрагасы кызматына 13-октябрда дайындалган.

Макала даярдалып жаткан учурда Канатбек Исаев президенттикке талапкер катары шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазганын аталган мекемеден билдиришти.

Даярдаган: Дастанбек Каримов

Copyright © 2017 Maral FM