Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров учурдагы кызматтарын 14-ноябрда тапшырат

Кыска кабар | 4 Ноя 2020 | 650 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров учурдагы кызматтарын 14-ноябрда тапшырып берет. Бул тууралуу ал  Region TV телеканалына берген маегинде айтты.

«Учурда иштеп жаткан Башмыйзам боюнча президенттин милдетин аткарып жаткан адам шайлоого катыша албайт. Ошондуктан мен президенттик милдеттеримди 14-ноябрга чейин өткөрүп берем, анан шайлоого катышам», — деди Жапаров.

Президенттикке талапкер катары шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшыргандардын саны жетиге жетти. Алар — Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев, Кубан Чороев, Назарбек Нышанов, Бектур Асанов, Бакыт Бакетаев.

Мындан тышкары, депутат Канатбек Исаев да бүгүн, 4-ноябрда арыз берди.

Азыркы өкмөт башчы Садыр Жапаров да президенттик кызматка талапкер катары шайлоого катышарын буга чейин айткан.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM