Биз менен байланышыңыз

Депутат Жумалиевге таандык окуу жай тинтүүгө алынды (видео)

Кыска кабар | 4 Ноя 2020 | 960 | 0

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Бишкектеги «Гоин», «Таатан» соода борборлоруна жана Инновациялык технологиялар эл аралык университетине тинтүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу социалдык тармактарда видеолор тарады. Финансы полициясы кененирээк маалымат кийинчерээк берилерин кабарлады.

Тинтүү жүргүзүлгөн Инновациялык технологиялар эл аралык университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири депутат Кубанычбек Жумалиев экени белгилүү. Анын андан тышкары «Гоин» жана «Таатан» соода борборунда да үлүшү бар экени маалым.

Финполдун азыркы жетекчиси Сыймык Жапыкеев жарандык активист катары буга чейин социалдык тармактарда Кыргызстандагы бир нече саясатчыны күмөн жол менен байыган деп айыптап келген. Сындалгандардын арасында Жумалиев да бар болчу.

Copyright © 2017 Maral FM