Биз менен байланышыңыз

Волейбол: 40 машыктыруучу сабак алууда

Эл аралык волейбол федерациясы 3-ноябрдан баштап Кыргызстандын машыктыруучуларына семинар өткөрүүнү баштады. Бул тууралуу Кыргызстан Волейбол федерациясы кабарлады.

Семинардын инструктору — FIVBдин өкүлү Нежат Санчак.

«Нежат Санчак Аргентинадан баштап Соломон аралдарына чейин дүйнөнүн кырктан ашуун өлкөсүндө болду. Ал — жигердүү машыктыруучу. Бул өтө олуттуу семинар Эл аралык Волейбол Федерациясынын, Кыргыз Республикасынын Волейбол федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын улуттук олимпиада комитетинин биргелешкен аракетинин аркасында ишке ашты», — деп билдирди аталган мекеме.

Семинарга 40 машыктыруучу катышат.

Бүгүн, 4-ноябрда Кыргызстан Волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиевдин катышуусунда семинардын расмий ачылышы болуп өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM