Биз менен байланышыңыз

Нурмагомедовго Орусиянын Баатыры наамын берүү сунушталды

Кыска кабар , Спорт | 4 Ноя 2020 | 558 | 0

Орусия Мамлекеттик Думасынын депутаты Гаджимурад Омаров UFCнин жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедовго Россия Федерациясынын Баатыры наамын берүү сунушу менен Владимир Путинге кайрылды. Бул тууралуу «РИА Спорт» жазды.

Депутаттын билдирүүсүндө Нурмагомедовдун эл аралык аренада бир нече жолу ар-намысты коргоп келгени, ошондой эле Орусияда спортту, сергек жашоону, үй-бүлөлүк баалуулуктарды жаштар жана жаш муундар арасында жигердүү жайылтып, өнүктүрүп, кайрымдуулук иштерин жүргүзүп жатканы белгиленет.

Эске салсак, 32 жаштагы Нурмагомедов UFC-254 турниринде Жастин Гетжини үч бурчтук ыкмасы менен муунтуп жеңип алган. Мушташтан кийин карьерасын жыйынтыктаганын жарыялаган. Анын ММА беттешинде 29 жеңиши бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM