Биз менен байланышыңыз

Курманкул Зулушев: Коррупцияга каршы күрөш күчөтүлөт

Саясат | 4 Ноя 2020 | 1002 | 0

Бүгүн Башкы прокурор Курманкул Зулушев кызматка киришкендеги алгачкы маалымат жыйынын өткөрдү. Анда коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө багытында жүргүзүлүп жаткан иштер күчөтүлө тургандыгын айтып, алдыдагы иш планы жана максаттары менен тааныштырды.

Анын айтымында, буга чейин мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган чечимдерге болгон жарандардын нааразычылыктарына карата экспертиза дайындалып, мыйзамдуулугун текшерүү иш-аракеттери жүргөн эмес, мындан ары ушул багытта да иш жүргүзүлөт.

«Коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө багытында жүргүзүлүп жаткан иштер күчөтүлөт. Анын алкагында мамлекеттик жана муниципалдык органдарда орун алган коррупциялык схемаларды аныктап, толугу менен жоюуга аракеттер жумшалат. Ошону менен бирге ченемдик-укуктук актыларга карата коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүлөт. Социалдык тармакта айтылып жүргөн бажы, салык, медицина, лицензиялоо, курулуш жана башка тармактарга текшерүүлөр уюштурулат». 

Зулушев өз сөзүндө мындан ары эч ким саясий куугунтукка алынбайт деген убадасын берди.

«Бүгүнкү күндө саясий мотивдер менен тергелип, же сотто каралып жаткан кылмыш иштери боюнча мыйзам негизинде гана чечимдер кабыл алынат. Эч ким саясий куугунтуктоого алынбайт. Эгерде күнөөсү далилденбесе толук акталат жана прокуратура органдары буга тоскоол болбойт».

Ал белгилегендей, кандай гана маалымат болбосун, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталгандыктан жана тергөөнүн так мөөнөтү көрсөтүлбөгөндүктөн, ал айлап-жылдап созулуп кетет. Мындан улам бир тергөөчү 300-500гө жакын сотко чейин өндүрүш алууга мажбур болот. Муну жоюу үчүн жазык-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү зарылчылыгы жаралууда.

«Учурда Жазык-процесстик кодекске ылайык, негизи жок арыздарды Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине каттоодон баш тартуу функциясы каралбагандыктан, тергөөчүнүн иши мурдагыдан 3-4 эсеге көбөйгөн. Тергөөчүнүн иши ашыкча көбөйсө, кылмыштын бетинин ачылышына күмөн жаратат жана тергөөнүн сапаты төмөндөйт. Колдонуудагы Жазык-процесстик кодекстин талабы боюнча тергөө мөөнөтү шектенүү жөнүндө кабарланма берилгенге чейин чектелген эмес. Мындай жагдай жабырлануучунун укуктарынын одоно бузулушуна алып келүүдө. Андыктан тергөө мөөнөтү конкреттүү түрдө белгиленүүсү зарыл».

Булардан сырткары президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаровдун жарыялаган бир айлык экономикалык амнистиясынын негизинде козголуп, тергелип жаткан иштердин алкагында жарым миллиард сом мамлекеттин казынасына келип түшкөнүн кабарлады.

4-октябрда болуп өткөн парламенттик шайлоодо «Шайлоо мыйзамдарын бузуу» боюнча 5 кылмыш иши соттук кароого жөнөтүлгөнүн билдирип, алдыдагы президенттик шайлоодо добуш сатып алуу жана административдик ресурстар колдонулбашы керектигин айтты.

«Болуп өткөн шайлоолордо добуштарды сатып алуу боюнча укук коргоо органдары тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине  166 жазык иши, анын ичинен 104 жорук катталды. Бул иштер боюнча бүгүнкү күндө эч ким жоопко тартыла элек, тергөөсү уланууда. Алдыдагы шайлоолордо мыдай мыйзам бузуулар катталса, тиешелүү чечимдерди кабыл алабыз«.

Курманкул Зулушев акыркы окуялардан кийин табылбай жаткан жетекчилер жана саясатчылар боюнча да маалымат берди. Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты, экс-президенттин бир тууганы Асылбек Жээнбековго карата кылмыш иши катталган эмес. Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковго издөө жарыяланып, анын аракети боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталган, бүгүнкү күндө жүргөн жери такталууда. 5-октябрдагы окуяларга байланыштуу кылмыш иши козголгон мурдагы Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен мурдагы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаевдин кайда жүргөнү анык эмес, тергөөгө келбей жатышат. Мындан сырткары, пандемия убагындагы Өкмөттүн мыйзам бузуусу боюнча бир нече сотко чейинки өндүрүш козголгон.

Ал эми президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун бир тууганы Райкүл Жапарованы Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча Польшадан жооп күтүлүп жатат.

Райкүл Жапарова 2020-жылдын 22-майында Польшадан кармалган. Аны өлкөгө алып келүү боюнча ушул жылдын июнь айында өтүнүч жиберилген.

«ИИМ Райкүл Жапаровага эл аралык издөө жарыяланганын ушул жылдын 11-февралында маалымдаган. Райкүл Жапарова Кылмыш жаза кодексинин 221-беренесинин 2-бөлүмү (акча адалдоо), 183-берененин 3-бөлүмү (алдамчылык), 166-берененин 4-бөлүмү (коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылган. Мүлкү конфискацияланган. Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2014-жылдын 22-октябрындагы чечими менен Жапаровага карата тандалган «үй камагында кармоо» бөгөт чарасы «камакка алууга» өзгөртүлгөн».

Башкы проркурор сөзүнүн аягында ким болбосун, өзүнүн тилин сыйлашы керектигин, мамлекеттик тилде сүйлөөсүндөгү бир эле максаты ушул болгонун айтып, Кыргызстандын бардык жаранын өз эне тилинде сүйлөөгө чакырып өттү.

Copyright © 2017 Maral FM