Биз менен байланышыңыз

Таэквондочулар онлайн турнирге катышат

Кыска кабар , Спорт | 4 Ноя 2020 | 354 | 0

Кыргызстандын спортчулары таэквондо боюнча онлайн режимдеги Дүйнө чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу Кыргызстандагы Бүткүл дүйнөлүк таэквондо академиясы маалымат берди.

Маалым болгондой, пумса секциясы (G-2 статусу) боюнча мелдеш Кореяда ноябрь-декабрь айларында өтөт. Ага Кыргызстандын Таэквондо WT ассоциациясынан Ажар Махметова (30 жашка чейин), Дмитрий Ли (30 жашка чыга элек), Алмаз Раимкулов (40 жашка чейин), Валерий Тен (60 жашка чыга элек), Айгерим Ашимова (фристайл помса) аттуу оюнчулар катышат.

«Учурда кыргыз спортчулары Бишкекте даярдык курсунан өтүп жатышат», — деди аталган академиянын өкүлү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM