Биз менен байланышыңыз

Көк бөрү-2020: Бүгүн Жогорку лиганын алгачкы оюндары өтөт

Кыска кабар , Спорт | 4 Ноя 2020 | 451 | 0

Бүгүн, 4-ноябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Кубогу үчүн болгон көк бөрү боюнча беттеште Жогорку Лиганын алгачкы оюндары өтөт.

Бүгүнкү оюндардын тизмеси:

Биринчи лига:

9:00 — «Төш-Булак» — «Ала-Тоо»

10:30 — «Четинди» — «Келечек»

15:00 — «Ай-Тамга» — «Тору-Айгыр»

16:30 — «Суусамыр» — «Көк жал»

Жогорку лига:

12:00 — «Ынтымак» — «Сары-Өзөн»

13:30 — «Достук» — «Кара-Буура»

З-ноябрда биринчи лигадагы таймашкан командалардын ортосунда жүрүп, оюн жыйынтыгы төмөнкүдөй болду:

Саат 10:00дө «А» тайпасында «Жети-Өгүз» командасы менен «Төш-Булак» командасы беттешип, «Төш-Булак» 5:0 эсебинде жеңилип калды.

Саат 11:30да «А» тайпасында Чүйдүн «Сокулук» командасы менен Бишкектин «Четинди» командасы беттешип, «Сокулук» 9:0 эсебинде жеңишке жетти.

Саат 13:00да «С» тайпасында Таластын «Ай Тамга» командасы менен Ысык-Көлдүн «Мурас» командасы беттешип, таластыктар 2:5 эсебинде утулуп калды.

Саат 14:30да «Д» тайпасында «Жумгал» командасы менен «Суусамыр» командасы беттешип, «Жумгал» 4:3 эсебинде жеңип алды.

Белгилей кетсек,Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтүп жаткан бул турнир коронавирус пандемиясынан улам көрүүчүлөрсүз өтүүдө, Оюнду телеканалдар түз алып берүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM