Биз менен байланышыңыз

Триатлончу Айваз Оморканов Түркиядан алтын медаль алды

Кыска кабар , Спорт | 4 Ноя 2020 | 584 | 0

Триатлет Айваз Оморканов «IRONMAN-70.3 Turkey» эл аралык турниринде алтын медалга ээ болду. Бул туралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги расмий сайтына жарыялады.

1-ноябрда Түркиянын Белек шаарында эл аралык «IRONMAN-70.3 Turkey» турнири болуп өттү.

Кыргызстандык спортчу Айваз Оморканов бардык аралыкты 4 саат 9 мүнөт 39 секундда басып өтүп, өзүнүн жаш курагы боюнча жеңүүчү аталды.

Триатлет жарым аралыкка чуркоо боюнча жаңы улуттук рекорд койду.

Белгилей кетсек, катышуучулар 1,9 километрди сууда сүзүп, 90 километрди велосипед тээп, 21,1 километрди чуркап өтүшү керек болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM