Биз менен байланышыңыз

Элвира Сурабалдиева спортчулардын машыгуусун жандантуу тапшырмасын берди

Кыска кабар , Спорт | 3 Ноя 2020 | 564 | 0

Кечээ, 2-ноябрда вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Канат Шабданбаев жана спорт федерацияларынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул туралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинин расмий сайты жарыялады.

Жолугушууда спортчулардын окуу-машыгуу процессин жандандыруу, курама командалардын келерки эл аралык мелдештерге даярдык көрүүсүнө шарт түзүү маселелери талкууланды.

Жыйындын соңунда Элвира Сурабалдиева мамагенттиктин жетекчиси Канат Шабданбаевге спортчулардын машыгуусун жандантуу үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги менен кеңешип, атайын алгоритм иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM