Connect with us

Кыргызстандык мушкер Орусиянын жарандыгын алуу үчүн документ тапшырды

Кыска кабар , Спорт | 3 Ноя 2020 | 745 | 0

Кыргызстандык мушкер Кямран Аббасов Орусиянын жарандыгын алуу үчүн документтерин тапшырды. Эми ал мелдештерге Орусиянын атынан катышат. Бул тууралуу спортчунун кызыкчылыгын коргогон «Prime Fight Management» компаниясынын басма сөз кызматы билдирди.

Түрк улутундагы мушкер 1993-жылы Бишкек шаарында туулган. Бирок соңку 6 жылдан бери үй-бүлөсү менен Новороссийск шаарында жашап келет.

Аббасов 2019-жылдын күзүндө Жакартада өткөн (Индонезия) «One FC — Dawn of Valor» турниринде «One FC» уюмунун орто салмактагы чемпиону швециялык Себастьян Кадестамды жеңип, чемпиондук кур тагынган.

Белгилей кетсек, 6-ноябрь күнү Аббасов чемпиондук курун коргоо үчүн америкалык Жеймс Накашими менен беттешет. Америкалык мушкер карьерасында 12 беттеш өткөрүп, бир да жолу жеңилип көргөн эмес. Ал эми Аббасов карьерасында 26 беттеш өткөрүп, 22 жолу жеңишке жетишкен.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM