Биз менен байланышыңыз

«Абдыш-Ата-2» клубунун футболчусу оюн калысына кол көтөрдү [видео]

Кыска кабар , Спорт | 3 Ноя 2020 | 610 | 0

Канттын «Абдыш-Ата» клубунун оюнчусу Сталбек Бекболотов калысты чаап жиберди.

Улуттук Лиганын жарым финалдык оюнунун алкагында өткөн «Дордой-2» клубу менен «Абдыш-Ата-2» клубунун беттешинде Сталбек Бекболотов калыска орой мамиле жасаганы үчүн оюндан четтетилген. Буга нааразы болгон Сталбеков оюн бүткөндөн кийин беттештин башкы калысы Нургазы Чолпонбаев менен сүйлөшүү үчүн чуркап баратканда, капталдагы калыс Канат Мырсабеков жолун торогон. Ачууланган футболчу Канат Мырсабековду чаап жиберген.

Эске салсак, 1-ноябрда өткөн бул беттеш 2:3 эсебинде канттык клубдун жеңиши менен аяктаган. Бул эки команданын ортосундагы жооптук оюн 4-ноябрда Бишкекте өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM