Биз менен байланышыңыз

Чечилбеген чек ара көйгөйү УКМКга жүктөлөт

Кыска кабар | 3 Ноя 2020 | 708 | 0

Кечээ, 2-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Баткенге иш сапар менен барып, эл менен жолукту. Ал сөзүндө мамлекет мындан ары чек арага өзгөчө көңүл бурарын айтып, бир нече айдын ичинде маселе чечилерин билдирди. Бул үчүн Жапаров чек ара кызматын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине бириктирүүнү пландап жатат.

Кыргызстан эгемендик алгандан берки чечилбеген көйгөйү — чек ара маселеси. Айрыкча Баткен облусунун Өзбекстан, Тажикстан менен чектеш айылдарында чыр-чатак, келишпестик ар качан чыгып, куралдуу кагылышка чейин жеткен учурлары бар.

Өкмөттүк комиссия чек арада чыр чыккан учурда гана түзүлүп, иш алып барат. Мыйзам боюнча түзүлгөн комиссияны коргонуу, чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр жетектеп, калган мүчөлөрүнө Юстиция, Айыл чарба, Транспорт министрликтери, Коргонуу, Улуттук коопсуздук, Чек ара кызматынын жетекчилери жана башка кызмат адамдары кирет.

Кыргызстандагы акыркы окуялардан кийин жаңы өкмөттүн катарына улуту тажик делип жүргөн Равшан Сабировдун чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр болуп дайындалышы коомчулуктун нааразычылыгын жараткан. Бирок, Садыр Жапаров эл менен жолугушуу учурунда Чек ара кызматын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алдына бириктирүүнү пландап жатканын, чек араны тактоо үчүн түзүлгөн комиссияны Камчыбек Ташиев жетектей турганын айтты.

— Эми ар ким айтып, сындашы мүмкүн, мен Чек ара кызматын УКМКга өткөрүп берейин деп жатам. Буйруса, чек ара маселесин Өзбекстан менен да, Тажикстан менен да тынчтыкта, ынтымакта, сүйлөшүүлөр жолу менен чечип алабыз. Мен бул боюнча Камчыбек Ташиевге тапшырдым, буга чейин биринчи вице-премьер-министр комиссиянын төрагасы болсо, мындан ары УКМКнын төрагасы жетектейт. Калган мүчөлөрүн ал өзү тандап алат, бирок эң башында Камчыбек Ташиев турат, — деди Садыр Жапаров.

Жапаровдун бул пикирин «Чек ара» коомдук бирикмесинин мүчөсү, жарандык активист Гүлжигит Исаков да туура көрүп, Чек ара кызматы менен Улуттук коопсуздук комитетинин кызматтык иштери айкалышып, тышкы чалгындоолорду жүргүзүүдө эффективдүү иш алып барат деп эсептейт. Антсе да, бийликтин чек ара маселесин аз убакыттын ичинде чечебиз дегени реалдуулукка жатпайт деген пикирде.

Жеке пикиримде, Чек ара кызматы УКМКнын алдында болгону туура. Себеби, экөө бири-бирине абдан жакын тармактар: контрчалгындоо, тышкы саясат жана башка системалары тыгыз байланышкан. Анан, бул маселени 2 айдын ичинде чечип коебуз дегенине кошулбайм, ал реалдуулукка жатпайт. Анткени, эл аралык коомчулук бизге шайлоолорду өткөрүп алууну сунуштоодо, «Парламенттик жана президенттик шайлоону өткөрүп, мыйзам талаасына кайткыла, анан сүйлөшөбүз», — деп жатышат. А бийлик: «Парламенттик шайлоо кийинки жылдын июнь айында өтөт», — деди. Демек, бул чек ара маселеси кийинки жылдын июнь айына чейин чечилбейт, — дейт Исаков.

УКМКнын ыйгарым укуктары кеңейтилип жатканын сынга алгандар да бар. Айрымдар Ташиевдин маселелерди чече турганынан күмөн санаса, кээ бирлери бийликтин азыркы кадамдарын туура дешет.

Саясат талдоочу Марс Сариев да Чек ара кызматы мурун Мамлекеттик коопсуздук комитетинин алдында болуп, кийин бөлүнүп кеткенин айтып, бул маселеде Гүлжигит Исаковдун пикирин колдойт. А бирок комитеттин айрым ыйгарым укуктарын кайрадан карап чыгып, чектөө киргизилиши керек дейт.

Мен ойлойм, Ташиев УКМКны башкарганы менен орун басарлары атайын адистер да. Жакында өзү Москвага расмий визит менен барып келди, бул жерде ал жөн эле саясий фигура болуп жатат, а маселени атайын адистер чечет. Чек ара боюнча алып барып жаткан иши жакшы экен, менимче, эффективдүүлүгүн берет. Бирок, коопсуздук комитетинин айрым ыйгарым укуктары, мисалы, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча органдарды аларга киргизбей эле коюшу керек.

Бул жөн гана куру аракеттер экенин айткандар да жок эмес. Саясатчы Ишенбай Кадырбеков Камчыбек Ташиевдин чек ара маселесин чечип жиберишине ишенбей турат. Анткени тармакка атайын адистер, коңшулар менен тең ата сүйлөшө ала турган кызматкерлер кирип, мамлекет башчысы сөзүнө, позициясына бекем турганда гана чечүү аракеттерин көрсө болот.

— Менин оюмча, чек ара маселесин бирөөнөн бирөөгө берип койгондон эмес, ал жакты билген атайын адистер, коңшулар менен талаш-тартышта тең ата чыга турган кишилер жана принципиалдуу өлкө башчысы болгондо гана чечсе болот. Анан, бир мекемени бир мекемеге өткөрүп коюу менен чечилмек беле?! Бекер кылат. Ушинтип, өзгөртүү, реформа деп олтуруп, маселенин баш-аягын табалбай, ушул акыбалга кептелдик да, — дейт саясатчы.

Кадырбеков да Улуттук коопсуздук комитетинин ыйгарым укуктары кеңейтилип жатканын, анын айрым иштерге кийлигишүүсүнө чектөө киргизүү керектигин кошумчалады.

Жыйынтыктап айтсак, чек ара маселесинин айынан коңшу мамлекеттер менен жыл сайын ондогон кагылышуулар болуп, эки тараптан окко учкандар да бар. Абал курчуп кеткенде гана өлкө расмийлери жолугуп, маселени чечүүнүн жолдорун сүйлөшүп келишет, бирок ушул күнгө чейин Кыргызстандын чеги толук тактала элек. Расмий маалыматтарга ылайык, өлкөнүн 85 пайызынан ашык чек ара тилкелери такталып бүткөн.

Copyright © 2017 Maral FM