Биз менен байланышыңыз

Жоэль Кожо «Алай» футболдук клубунан кетти

Кыска кабар , Спорт | 2 Ноя 2020 | 396 | 0

Оштун «Алай» футболдук клубунун чабуулчусу, клубдагы эң мыкты бомбардирлердин бири, 21 жаштагы Жоэль Кожо клуб менен коштошту. Бул тууралуу «Алай» клубунун Инстаграмдагы расмий баракчасына жарыяланды.

«Жоэль Кожо команда менен коштошту. Ал азырынча белгилүү бир клуб менен келишим түзө элек. Алдыдагы карьерасына ийгиликтерди каалап, кайсы командада болбосун, мындан ары да мыкты оюндарды көрсөтө берүүсүнө тилектешпиз. Дагы бир жолу ийгилик — легенда!» — деп жазылган клубдун расмий баракчасында.

Белгилей кетсек, Жоэль Кожо «Алай» клубунун катарында 2018-жылдан бери ойноп келген. Бул жылдар аралыгында ал 1 жолу өлкөнүн супер кубогун (2018-жылы) жана 1 жолу өлкө кубогун (2020-жылы) жеңип алган. Ошондой эле, Жоэль Кожо Кыргыз Премьер-Лигасынын «2018-жылдагы эң мыкты бомбардири» аталган.

Автор: Бекбосун Маратбек уулу 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM