Биз менен байланышыңыз

БШК: Арстан Алай президенттикке талапкерлигин койду

Кыска кабар | 31 Окт 2020 | 773 | 0

Мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого талапкер катары катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына төрт адам арыз берди. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, төмөндөгү жарандар президенттик кызматка талапкер болуу ниетин билдирген:

  1. Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай), 1968-жылы туулган, «Аурдин» ЖЧКсынын директору
  2. Кубан Чороев, 1981-жылы туулган, «Байыркы көчмөн цивилизациясы» тарыхый-маданий мурасты жана рухту кайра жаратуу» коомдук фондунун төрагасы
  3. Адахан Мадумаров, 1965-жылы туулган, «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын төрагасы
  4. Назарбек Нышанов, 1961-жылы туулган, «Лига-Антикризис» коомдук бирикмесинин президенти

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү күнү 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM