Connect with us

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү колго түштү

Кыска кабар | 31 Окт 2020 | 1335 | 0

Бүгүн, 31-октябрда Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын уюшкан кылмышка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан чет элдик жарандарды коркутуп, акча талап кылууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББнин маалымат кызматы билдирди.

28-октябрда Бишкек шаардык ИИББине Түркиянын жараны арыз менен кайрылган. Берген арызы боюнча айтсак, 27-октябрь күнү саат 15:00 чамасында өздөрүн «Камчы Көлбаевдин адамдарыбыз» деп тааныштырган белгисиз адамдар аталган түрк жаранынын офисине келип, камакта жаткан Камчы Көлбаевге керек дешип, 20 миң сом талап кылышкан. Акча берүүдөн баш тарткан ишкерди «өзүңдү сабап, мүлкүңдү тоноп кетебиз» деп коркутушкан.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренеси (Опузалоо) менен бирдиктүү реестрге катталып, иликтөө иштери жүрүп баштаган.

Бишкек шаардык ИИББнин ыкчам иликтөө кызматынын кызматкерлери алдын ала сүйлөшүлгөн пландын негизинде түрк жараны кылмышка шектүүлөргө акча берип жаткан учурда колго түшүрүштү. Шектүүлөрдү кармоо учурунда алардын «Тойота» үлгүсүндөгү унаасынан «Винчестерге» окшош жылмакай мылтык эки огу менен алынды. Кармалган шектүүлөрдүн бири «Доня» каймана ысымдуу адам Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган.

Учурда кылмышка шектүүлөр Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу тергөө абагына киргизилди. Аталган кылмыш иштери боюнча тергөө иштери жүрүп жатат жана башка да кылмыш иштерине тиешеси бар экени иликтенүүдө.

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM